ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМК борбору №100 бала бакчанын балдарына таза гигиенаны сактоо тууралуу ыкмаларды үйрөтүштү

287

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору 1-июнь балдарды коргоо күнү менен куттуктайт.

Балдар биздин келечегибиз, аларга наристе кезинен таза гигиенаны сактоону үйрөтүүбүз шарт.  

РДЧжМК борборунун адистери Бишкек шаарындагы №100 бала бакчанын балдарына ден соолукка кам көрүү, таза гигиенаны сактоо ыкмаларын үйрөтүп келишти.

Бул убакыт аралыгында алар, колду, тишти туура жана таза жуу, тамак ичүүнүн эрежелери тууралуу үйрөнүштү. Андан сырткары физикалык активдүүлүк боюнча маалымат берилип дене көнүгүүлөрүн жасашып, музыканын коштоосунда бий бийлешти.  

Жыйынтыгында жалпы катышуучу балдарга кызыктыруучу белектер берилди.

   

 

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

2 replies »

  1. С Праздником ❤️ 👍 дети наши счастье, самый лучший Садик 100🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥🔥

  2. Рахмат чоон 100чу садиктин заведушый воспитатель и нянкаларына 🙏

Leave a Reply

Your email address will not be published.