ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМК борбору ден соолук маселелеринде жүрүм-турум жана маданий маалыматтарды колдонуу боюнча семинарга катышты

678

Бишкекте ден соолук маселелеринде жүрүм-турум жана маданий маалыматтарды колдонуу боюнча семинар өттү. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросу 2022-2027-жылдарга карата ден соолук үчүн жүрүм-турум жана маданият боюнча иш-аракеттердин алкагын ишке киргизген. Бул адамдардын ден соолугуна байланыштуу чечимдерди кантип кабыл аларын жана бул билимди медициналык кызматтарды көрсөтүүдө жана сергек жашоо образын жайылтууда кантип колдонсо болорун түшүнүү жөнүндө.


Өткөн жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жүрүм-турум жана маданий факторлорду талдоо боюнча резолюцияны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко кошулган. Сентябрь айында бул документке Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кол койгон.


Бүгүн, 2-ноябрда ДСУнун Европалык бюросунун өкүлдөрү кызыкдар тараптар үчүн ден соолук маселелеринде жүрүм-турум жана маданий маалыматтарды колдонуу боюнча семинар өткөрүштү.
Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана ведомствого караштуу уюмдардын, анын ичинде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери катышты. Семинарды борбордун директору Нурила Алтымышева алып барды

«Биз үчүн бул иш-чара абдан маанилүү, профилактикалык программаларды ишке ашырууда биз кайсы багытта иш алып барышыбыз керектигин, чечимдерибиз канчалык натыйжалуу экенин билишибиз керек. Ошондуктан бүгүн РДЧжМК борбору семинарга активдүү катышты. Борборубузда жүрүм-турум жана маданий факторлорду талдоо бөлүмү түзүлүп жатат. Жана, албетте, бизде ДСУнун Европа бюросунун адистери чечүүгө жардам бере турчу көптөгөн суроолорубуз бар. Биз жемиштүү кызматташууну күтөбүз», — деди Нурила Алтымышева.


Семинардын жүрүшүндө катышуучулар калктын ден соолугун чыңдоо үчүн жүрүм-турум жана маданий маалыматтарды колдонуу тажрыйбасы менен таанышып, алынган сабактарды талкуулашты.
«Жүрүм-турум жана маданий маалыматтар медициналык кызматты, саламаттыкты сактоо саясатын жана байланышты жакшыртуу үчүн колдонулушу мүмкүн. Жүрүм-турум илимдерин изилдөө менен, адамдардын ден соолук боюнча чечимдерди кантип кабыл аларын түшүнүү менен биз бул билимди эмдөө же жугуштуу эмес ооруларга жана алардын тобокелдик факторлоруна каршы күрөшүү сыяктуу ар кандай ден соолук маселелерин чечүү үчүн колдоно алабыз: алкоголдук ичимдиктер, тамеки, физикалык кыймылсыздык жана туура тамактануу. Биз Кыргызстанда болуп, бул багытта Саламаттыкты сактоо министрлиги жана кызыкдар тараптар менен биргеликте иш алып барганыбызга абдан кубанычтабыз. Биз өзгөчө эмчек эмизүү темасында кызматташууга кызыкдарбыз. Биз азыр кайсы маселени чечүүгө эң зарыл экенин аныктоонун үстүндө иштеп жатабыз», – деди Тиина Ликки, ДСУнун Европа аймактык бюросунун жүрүм-турум жана маданий изилдөөлөр бөлүмүнүн техникалык эксперти.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.