Алдын алуу

“Өз кан басымыңды бил” акциясы Токмок шаарында өттү

605

2023-жылдын 27-Май күнү Бүткүл дүйнөлүк гипертония менен күрөшүү күнүнө карата “Өз кан басымыңды бил” акциясы Токмок шаарында болуп өттү. Аны менен катар Токмок шаарынын спорт мектебинин машыктыруучуларынын уюштуруусунда шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик уюмдардын кызматкерлери үчүн 400 метрден 1000 метр аралыкка кросс – жарыш болду. Ага 35 жаштан жогору эркектер менен кыз-келиндер катышышып байгелүү орундарга ээ болушту.

Шаар тургундары акция учурунда: кан басымын өлчөө, салмагын, боюн өлчөө, жүрөк-кан тамыр тобокелдигин аныктоо, кандагы канттын денгээлин өлчөп, кант диабетинин өнүгүү тобокелчилигин аныктоо боюнча акысыз медициналык кароодон өтүштү, ага жалпысынан 213 адам катышты. 

Иш-чаранын максаты, калк арасында жугуштуу эмес оорулардын, анын ичинде артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары,аны менен катар башка тобокелдиктер жана алардын татаалдашына алып келген оорулардын алдын алуу боюнча маалымат берүү, элди физикалык активдүүлүккө үндөө болуп саналат.

Кросс-жарышка катышууга жолдомо алган ар бир катышуучу, алгач акциянын негизинде медициналык кароодон өтүп анан жарышка түшүштү.

Акция, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулуп, ДССУнун техникалык колдоосу менен Токмок шаардык мэриясы, ЖДПБ, ден соолукту чыңдоо кабинети, шаардык спорттук мектептин жана Япониядан келген  өкүлдөрдүн (JICA) катышуусунда өттү. 

Кросс-жарышка 35 жаштан өйдө аялдар жана эркектер байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун,  №121 Митесова Светлана Токмок суу-канал ишканасынын өкүлү велосипед утуп алды.  

 2-орун,   №123 Алимбаева Айжан  Токмок Жылуулук” муниципиалдык ишканасынын өкүлү болейболл ойноочу топ туп алды.

 3-орун   №Түркменова Наргиза Токмок шаардык мэриясынын кызматкери болейбол ойноочу топко ээ болду. Аялдар мотивациялык

1-орун №119  Толок кызы Самара (кызыктыруучу белек)

2-орун №127   Асылбашева Наргиза (кызыктыруучу белек)

3-орун  №142  Рысбек кызы Гулкайыр (кызыктыруучу белек)

Эркектер 1-Орун №124 Бусурманкулов Рысбек велосипед утуп алды.

2-Орун №129 Базаркулов Данияр колго тартынуучу турник утуп алды.

3-Орун №144 Доктурбек уулу Атай Токмок шаардык маданият үйүнүн кызматкери  болейболл ойноочу топ утуп алды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.