Алдын алуу

Мээнин саламаттыгын кантип сактоо керек

932

Бүткүл дүйнөлүк мээ күнү жыл сайын 22-июлда белгиленет.

Ал Бүткүл дүйнөлүк неврология федерациясы тарабынан түзүлгөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бекитүүсү менен Бүткүл дүйнөлүк мээ күнү жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара катары жарыяланды.

Бул күн биринчи кезекте мээнин ден соолугунун маанилүүлүгүн жана мээ менен нерв системасынын эң кеңири тараган оорулары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга арналган.

Мээ борбордук нерв системасынын негизги органы болуп саналат.

Мээ оорулары физикалык травмалар гана эмес, ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн.

Когнитивдик функциялар катуу стресстен, депрессиядан келип чыккан жогорку жүктөн улам жабыркашы мүмкүн. Мээнин ден соолугуна жаман адаттар – тамеки, спирт ичимдиктери, зыяндуу тамак-аш – фастфуд, таттуулар, эс алуунун жетишсиздиги жана башкалар терс таасирин тийгизет.

Мээнин саламаттыгын сактоо боюнча дарыгерлердин жалпы сунуштары:

Сергек жашоо образын алып баруу

– жаман адаттардан баш тартуу (тамеки тартуу, спирт ичимдиктерин ичүү);

– дени сак уйку жана сапаттуу эс алуу (күнүнө 8 сааттан кем эмес уктоо);

– туура тамактануу. Нейрогенез биз жеген тамактын сапатына абдан көз каранды. Мисалы, оор же ашыкча каныккан тамактар, жарым фабрикаттар бул процессти жайлатат;

– дене тарбия көнүгүүлөрү: басуу, таза абада сейилдөө / үзгүлтүксүз дене тарбия көнүгүүлөрү (сүзүү, чуркоо, тренажерлор);

Ар кандай физикалык активдүүлүк кандын кычкылтек менен каныкуусуна алып келет, мээге таза кандын агымына өбөлгө түзөт, ошону менен эндорфиндердин, кубаныч гормондорунун өндүрүшүн стимулдайт. Ошентип, биздин организм нерв системасын чыңдап, стресске оңой туруштук берет;

– стандарттуу эмес маселелерди чечүү, чечүү жолдорун издөө аркылуу мээни тынымсыз машыгуу;

– жогорку интеллекттүү адамдар менен баарлашуу;

– акыл-эс ишмердүүлүгү: мээнин активдүүлүгүн стимулдаштыруу керек (окуу, жаңы тилдерди үйрөнүү, музыкалык аспаптарда ойноону үйрөнүү, кроссворддорду, табышмактарды чечүү ж.б.);

– медитация: стресстин көрүнүштөрү менен иштөөнү үйрөнүү керек.

Эсиңизде болсун! Дени сак адаттар мээнин саламаттыгына өбөлгө түзөт!

Leave a Reply

Your email address will not be published.