COVIDге каршы эмдөө

РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО БОРБОРУ “КЫРГЫЗСТАН – ЖАШЫЛ АЙМАК” СИСТЕМАСЫНА КОШУЛДУ

215

Мекеменин эмгек жамаатынын дээрлик бардыгы коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Кампаниянын алкагында РДЧ жана МК борборуна КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан атайын стикер берилип, ал уюмдун босогосуна илинди. Ошондой эле аталган борбор www. vc.emed.gov.kg электрондук порталына кошулду.
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору башка мекемелерди дагы менчик формасына карабай, эмгек жамааттын 70 пайыздан кем эмес бөлүгүн COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрүп, “Кыргызстан – жашыл аймак” системасына кошулууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.