Алдын алуу

С ВИТАМИНИ ТУУРАЛУУ

541

С Витамини бизге эмне үчүн керек?

  • Иммунитетти көтөрөт
  • Жараларды, күйүктөрдү жана кансыраган тиштерди айыктырууга жардам берет
  • Операциядан кийин айыгууну тездетет
  • Кандагы холестеролду азайтууга жардам берет
  • Көптөгөн вирустук жана бактериялык инфекциялардан сактайт
  • Табигый ичти тазалоочу зат катары иштейт
  • Тромбоздун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн азайтат
  • Суук тийүүнү дарылоого жардам берет.

С витамининин жетишсиздигинин белгилери:

  • Тиштин канашы
  • Тиштин түшүшү
  • Териде сезгенчээк болуп оңой эле көгөрүп кетүүсү
  • Денедеги жаранын айыгуусу кеч болот
  • Чачтын түшүшү, теринин кургашы
  • Кыжырдануу
  • Тулку бойдун жалпы оорусу
  • Муун оорусу.

Организмге күнүнө 70-100 мг керек болот

Билип алуу жакшы: С витамини тамак-ашты жылуулук менен иштетүү жана сактоо менен оңой жоголот.    

Жашылчаларды мүмкүн болушунча тезирээк бышырып, дароо тамактанганга аракет кылыңыз.

С витамини бар жашылча-жемиштерди күн сайын жеш керек, анткени аны организм сактабайт.

Categories: Алдын алуу

Leave a Reply

Your email address will not be published.