Жугуштуу оорулар

Сасык тумоо

464

Грипп (сасык тумоо) — аба-тамчы аркылуу жугуучу курч вирустук жугуштуу оору. Учурда грипп вирусунун бир биринен антигендик спектри менен айырмаланган 2000ден ашык варианты табылган. Сасык тумоо оорусу озгочо кыш, күз мезгилдеринде күч алат.
Белгилери:
Бир нече сааттан 1-3 күнгө чейин созулган инкубациялык мезгилден кийин оору адатта курч жана катуу башталат. Оору жеңил же оор формада өтүп кетиши, атүгүл өлүмгө алып келиши да мүмкүн.
Сасык тумоонун алгачкы белгилери чыйрыгуудан, катуу баш оорудан, дене табынын көтөрүлүшүнөн жана булчуң ооруларынан башталат. Ошондой эле тамак кургап, кычышат, кургак жөтөл күчөп, мурун аркылуу дем алуу кыйын болот. Мына ушул сыяктуу сасык тумоонун белгилери байкалганда адам өз алдынча дарылануудан баш тартып, дарыгерди үйгө чакыруу керек. Жумушка, коомдук жайларга баруудан алыс болушу абзел. Себеби адам ооруп баштаганда вирустар дем алуу органдарынын клеткаларында абдан тез көбөйө баштайт дагы, чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө айлана чөйрөгө көп сандаган вирустар таркайт.
Бул белгилер адатта бир жумага жетпейт. Бирок жөтөл эки жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Балдар ичи өтүп, кусушу ыктымал, бирок чоңдордо мындайлар көп кездешпейт.
Сасык тумоонун кабылдап кетишинен вирустук пневмония, экинчилик бактериялык пневмония, мурун көңдөйүнүн инфекциялары өөрчүшү мүмкүн.

Сасык тумоо менен ооруп калбоо үчүн төмөнкү кеңештерди эске алыңыз:

  1. Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл.
  2. Эгер балдырыныз же сиз ооруп калсаныз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз.
  3. Оорубаш учун жотолуп чүчкүруп жаткан адамдардан алыс болуу зарыл.
  4. “Жөтөлүү этикетин” сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндо ооз мурунду жабып чүчкүрүү жана ооз, көз, мурунду кармоодон алыс болуу зарыл.
  5. Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл. (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин)
  6. Эгер мүмкүн болсо, топтошкон жерлерде жүрүү мөөнөтүн кыскартуу.
  7. Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу.
  8. Эгер сиз ооруп калсаныз, үй-бүлөнүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык бет кап тагыныныз жана аны 4 саат сайын алмаштыруунуз зарыл.
  9. Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет арчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап желдетип туруу.
  10. Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!
  11. Өзүнөрдү өзүнөр дарылоодон алыс болгула, анткени өзүн өзун дарылоо оорунун ар кандай оордоршуна алып келүүсү мүмкүн.

Leave a Reply

Your email address will not be published.