Сколиоз ●

Сколиоздун алдын алуу. Ата-энелерге пайдалуу кеңештер

257

СКОЛИОЗ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮ КЕРЕК

Баланын келбетине кичинекей кезинен баштап көз салуу керек, эң эле ар кандай факторлорго: балаңыздын кандай отургандыгына, туруп тургандыгына жана кыймылдаганына көңүл буруу керек.

Баланын омурткасы кичине кезинен эле туура калыптанышы үчүн зарыл:

● уктоо үчүн шарттарды түзүү: катуу матрас салынган керебетке жаздыксыз жаткыруу;

● бала өз алдынча отурушун күтүү, муну күчтөп жасатпоо керек.

Алты айынан баштап бир жашка чейин жана беш жаштан сегиз жашка чейин баланын активдүү өсүшү жүрөт, ушул мезгил ичинде омуртканын кыйшаюу мүмкүнчүлүгү жогору.

Ушул аралыкта ата-энелер баланы столдун жанында туура отурууну, келбетин түз карманууну, дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарууну үйрөтүүгө тийиш.

Сколиозду эрте баскычтарында таануу кыйын, ал көбүнчө өспүрүм куракта байкалат (10 жаштан 13 жашка чейин).

Сколиоз өсүп келе жаткан организмдин сөөк жана нерв-булчуң системасынын көбүрөөк татаал өзгөрүүлөрүнүн ичине кирет жана омуртканын капталынын кыйшаюусу, ошондой эле анын өзүнүн огунун айланасында буралышы аркылуу көрүнөт.

Кыздар эркек балдарга караганда 5 эсе көп жапа чегет. Ата-энелер сколиоздун күчөшү омуртканын өсүшү аяктаганга чейин токтобосун билүүгө тийиш.

Балада сколиоздун бардыгын ата-энелер өз алдынча төмөндөгү белгилер боюнча аныктай алышат:

● бир ийини экинчисинен бийик болот

● бир далысы экинчисине караганда көбүрөөк уркуюп чыгып турат

● белдин асимметриясы.

Сколиоздун өөрчүшүнө алып келүүчү негизги факторлор:

● Кыймыл-аракеттин аз болушу

● Партада/столдо отурганда туура эмес позада болуу

● Жүктүн аркага тегиз эмес бөлүштүрүлүүсү (сумканы бир гана тарабына көтөрүп жүрүү)

● Булчуң дистрофиясы (булчуңдардын алсыздыгы)

● Жаракат алуу жана жыгылуу

● Бала кездеги гормоналдык бузулуулар, бул сөөктөрдүн тыгыздыгын бузат.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШТЕР

Сколиоз (омуртка түркүгүнүн капталына кыйшаюусу, ийрейиши) канчалык эрте аныкталыпжана талаптагыдай чаралар көрүлгөн болсо,натыйжалуу коррекциялоо мүмкүнчүлүктөрүдагы ошончолук көбүрөөк. Өспүрүм куракта(14-17 жаш) ооруну дарылоо өтө оор, ал эми20 жаштан кийин операция аркылуу ганаоңдоого мүмкүн болот.

Өспүрүм жана балдардагы сколиозду дарылоонун биринчи максаты – бул омурткаларды физиологиялык абалына кайтаруу.

Жардам алуу үчүн ата-энелер өз учурунда кайрылуусу жана сколиоздун күчөп кетишин токтотуу үчүн көбүрөөк аракет жумшоосу зарыл.

● Атайын дарылоочу дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруу булчуң корсетин, арканын байламталарын бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн берет жана омуртканы нормалдуу абалына кайтарат.

● Укалоо алсыраган булчуңдардын тонусун көтөрөт жана чыңалган булчуңдардын тырышуусун жазат.

● Физиотерапиялык процедураларды (баткак менен дарылоо, магнитотерапия, суу терапиясы) жүргүзүү арка булчуңдарынын тонусуна түрткү берет.

● Атайы ортопедиялык корсет кийип жүрүү (суткасына бир канча саат кийүүгө болот).

● Адистештирилген дарылоочу сууда сүзүү омуртканы жүктөн бошотот жана булчуңдарды машыктырат.

Комплекстүү терапия колдонуу, адистештирилген санаторийлерге баруу жана дарыгердин бардык сунуштарын аткаруу ийгиликке жетүүгө мүмкүндүк берет.

Ошол замат жыйынтык болот деп күтпөгүлө.

Дарылоо узакка созулаарын, жай, бирок натыйжалуу таасир этерин эсиңерден чыгарбагыла.

Categories: Сколиоз ●

Leave a Reply

Your email address will not be published.