Тамеки

Тамеки чегүүнү токтотуу үчүн кандай аракеттер көрүлүшү керек?

359

Тамеки чегүү жөн гана бир жолу чегип көрүү менен гана тез эле адатка айланып кетет. Андан кийин аны таштоо айрым адамдар үчүн өтө кыйынчылыктарды же күчтүү эркти талап кылынары белгилүү. Ошондуктан бул процессти ийгиликтүү ишке ашырып, күчтүү эрк менен жеңишке жетүү үчүн бир нече эрежелерди аткарууга туура келет.

Тамекини кантип таштоо боюнча тажрыйбалык кеңештер

💪Тамекини бир заматта жана алдын ала пландаштырылгын күнү таштаган жакшы;
💪Эгерде Сиз кыйынчылыктарга кездешсеңиз (жакындарыңыздын оорушу, көчкү ж.б.), эсиңизде болсун, тамеки тартуу – маселенин туура чечими эмес;
💪Терең дем алуу тамеки катуу тартуу калоосун жеңгенге жардам берет;
💪Биринчи үч күндө жашылча-жемиштердин ширесин ичүүнү эки эсе көбөйтүңүз;
💪Салмагыңыз көбөйбөш үчүн жашылча-жемиштерди көбүрөк жеп, таттуу жегенди азайтыңыз.
💪Сизге ар дайым жеңил физкультура менен алек болуу жакшы жардам бериши мүмкүн;
💪Тамекини бир эле жолу тартуудан коркуңуз. Үч айдан кийин деле ал баарын бузуп коюшу мүмкүн;
💪Тамекини канчалык катуу таштоону кааласаңыз дагы өзүңүз менен талашпаңыз. Мурдагы жашоо мүнөзгө кайтып келүү Сиз үчүн канчалык жиркеничтүү экендигин ойлонуңуз;
💪Тамекини жаныңызга салып жүрбөңүз;
💪Тамекини азыраак тартканга аракет кылыңыз, күнүнө канча тамеки тартканызды санаңыз, ар бир кийинки күнү мурдагыдан азыраак тартканга аракет кылыңыз;
💪Күнүнө тамекинин санын азайтып, түтүнүн терең албаңыз;
💪Тамекини ач карын, айрыкча эртең менен тартпаңыз;
💪Тамеки тартпай турган убакта, тамекини оозуңузга калтырбаңыз;
💪Тамекинин үчтөн бирин тартпай калтырыңыз, 2-3 жолу тарткандан кийин ыргытып жиберсеңиз андан жакшы болот;
💪Басып бара жатканда, өзгөчө тепкичке же тоого чыгып бара жатканда тамеки тартпаңыз;
💪Оор жумуш жасап жатканда, же андан кийин узак убакытка чейин тамеки тартпаңыз;
💪Кез кези менен тыныгуу уюштуруңуз (мисалы “дүйшөмбүгө чейин, айдын аягына чейин, жылдын аягына чейин тамеки тартпайм” – деп);
💪Тамеки тарткыңыз келбегенде тартпаңыз. Жолдошторго кошулуп “компания үчүн”, – деп тамеки тарткандан качыңыз;
💪Жаш балдар бар жерде тамеки тартпаңыз, аларга тетири үлгү болбоңуз; тамеки тартпагандардын таза абага болгон укугун сыйлоо керек;
💪Тамекинин түтүнү толгон бөлмөдөн качыңыз;
💪Тамеки чегүүгө тыюу салынган жерлерге (кинотеатр, китепкана, ресторан ж.б.) көбүрөөк барыңыз.

Бул кеңештер көп адамдарга тамекини таштаганга жардам берди, Сизге дагы жардам берет – деп ишенебиз!

►Тамекинин түтүнү уулуу, канцерогендүү жана гендерди өзгөртүүчү 7000 уулуу заттардан турат.

►Тамекинин түтүнү айланадагы абада коопсуздук денгээлде болбойт. анын 20% менен гана тарткан адам дем алат, ал эми калган бөлүгү айланадагы адамдарга туура келет.

►Шаардагы транспорттун жүрүшүнүн кычап турган убактысындагы абага салыштырмалуу, тамекинин түтүнүнө топтолгон бөлмөдөгү абанын курамында зыяндуу заттар көбүрөөк болот.

Categories: Тамеки

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.