ЖАҢЫЛЫКТАР

“Тамекини таштоо мектеби” өз ишин улантып жатат.

277

Бүгүн, 18-майда №8-ҮМБда “КР жарандарынын ден соолугун тамеки жана никотинди колдонуунун кесепеттеринен коргоо” максатында жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуу учурунда: көчөлөрдө, базарларда жана соода борборлорунда байма-бай сатылган зыяндуу тамекилерди көзөмөлгө алуу, мектеп окуучуларына анын кесепеттери тууралуу, алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселелери талкууланды.

Ага №8-ҮМБнун медициналык адистери, РДЧжМК борборунун адистери, Асанбай, 6-11-12-кичи районунун жашоочулары, №56, 63, 71 мектептердин директорунун орун басарлары, аксакалдар сотунун төрагалары, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек: Бишкек шаарындагы бардык үй бүлөлүк медицина борборлорунда “Тамекиден баш тартуу мектептери” иштеп жатат. Аталган кабинеттер 2021-жылы түзүлгөн. Мында тамекиден арылуунун оңой жолдорун үйрөтүүдө, дасыккан ден соолукту чыңдоо адистери иш алып барышууда .

2103 – акысыз телефон жардам линиясы (Megacom, O! жана Beeline). ТАМЕКИСИЗ КЫРГЫЗСТАН

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.