Экологиялык шарт

Таза үй – дени сак балдар: Кыргызстанда турак жайлардагы коргошундун булактарын аныктоо боюнча изилдөө уланууда

13

Кыргызстанда 1 – 6 жашка чейинки балдардын канындагы коргошундун деңгээлин аныктоо саамалыгы уланууда.

Изилдөөнүн экинчи бөлүгүндө адистер канында уулуу металлдын жогорку деңгээли аныкталган балдар жашаган турак үйлөрдү текшерип жатышат. Үй чарбаларын изилдеген адистердин милдети – кичинекей кыргызстандыктардын саламаттыгына коркунуч жараткан коргошун булактарын аныктоо болуп саналат.

Ата-энелердин бул изилдөөгө көмөктөшүүсү – өз балдарына коопсуз чөйрөнү түзүү багытына алгачкы кадам.

Изилдөөчүлөр турак үйлөрдүн короолорунда жана имараттардын ичинде дыккат текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Коргошун эң жөнөкөй буюм-тайымдарда – идиш-аяктарда, оюнчуктарда, татымалдарда, косметикада, эшик-терезелердин боёкторунда кездешиши ыктымал.

Текшерүүнүн ар бир жыйынтыгы каттоого алынып, ата-энелерге коргошундун булактарынан арылуу боюнча кеңештер берилүүдө.

Мен үч баланын энесимин. Мен үчүн балдарымдын ден соолугу баарынан маанилүү. Бул изилдөөдө ортоңку баламын канында коргошундун жогорку деңгээли аныкталды. Ага байланыштуу үйүбүздөгү коргошундун булактарын эми билебиз. Алардан арылып, коргошундан уулануунун алдын алууга шарт түзүлдү“, – Жийдегүл Артыкалы кызы.

Изилдөөнүн алкагында турак үйлөрдүн короосундагы топурак, бөлмөлөрдүн ичиндеги боеп, сырдоочу каражаттар, идиш-аяктар, оюнчуктар, татымалдар жана үйдөгү  чаңдын курамындагы коргошундун деңгээли текшерилүүдө. Көпчүлүк учурда боектордун курамында коргошундун жогорку деңгээли аныкталууда. Сырдалган полдордо, каалгаларда, терезелерде, жада калса пластик курулуш материалдарында коргошун көп чыгууда. Ошондой эле ачык түстөргө боелгон керамикалык идиш-аяктарда коргошун көп аныкталды. Топурактагы, косметикадагы, татымалдардагы жана чаңдагы коргошундун деңгээли нормага ылайык чыкты. Биз жарандарга курамында коргошун көп чыккан буюм-тайымдарды жок кылуу боюнча сунуштарыбызды айтып жатабыз”, – турак жайлардагы коргошундун булактарын изилдөөчү топтун мүчөсү Улукбек Имакеев. 

Бул учурда көйгөйдү аныктоо менен бирге аны чечүүнүн жолдорун көрсөтүү маанилүү. Адистердин максаты үй-бүлөлөрдөгү балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Коргошундун булактарын аныктоо иштери Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарында, Бишкек, Кемин жана Кара-Балта шаарларында жүргүзүлдү. Жалпы республика боюнча 18 калк жайгашкан аймактагы 220 турак үйдү текшерүү пландаштырылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.