ЖАҢЫЛЫКТАР

“Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банк пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөт

515

КР ССМ, ДССУ менен биргеликте ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын жана 24-36 айга артыкчылыктуу иш-аракеттер планын иштеп чыккан. Аны ишке ашыруу пандемиялык фонддун гранттык каражаттарынын эсебинен пландаштырылууда.

2023-жылдын 19-20-октябрында Бишкекте көп сектордуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ДССУ, Дүйнөлүк Банк, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Айыл-чарба министрлигинин, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана башка ведомстволук адистер катышышты.


Иш-чарада, ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча Дүйнөлүк банк менен биргеликте каражат маселесин чечүү жолдору талкууланды.

КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Исмаилов Медербек Адышевич өз сөзүндө “КР Саламаттык сактоо министрлигинин атынан бүгүнкү жолугушуу үчүн жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө “Бирдиктүү ден-соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууну илгерилетүү үчүн колдоо көргөзүп жатканыңыздарга терең ыраазычылык”

“Биз көп сектордук, көп дисциплинардык жана ведомстволор аралык кызматташуу адамдын ден соолугуна коркунучтарды азайтуу жана келечектеги пандемиялардын алдын алуу үчүн абдан маанилүү экенин түшүнөбүз. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коопсуз, сергек жана туруктуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча прогресске жетишүүдөгү өлкөнүн артыкчылыктарын толук чагылдырган демилгелерди кабыл алууну жана “Бирдиктүү ден-соолук” ыкмаларын ишке ашырууну колдойт”-деп билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөөрү белгилүү болду.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.