Алдын алуу

Тоолор жана калктын инновациялык саламаттыгы – аттуу жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясы өттү

1076

Бүгүн, 26-декабрда КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институту тарабынан “Тоо экосистемаларын жана климаттын туруктуулугун коргоо жылына арналган “Тоолор жана калктын саламаттыгы – инновациялык идеялар” аттуу жаш окумуштуулардын илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Конференциянын максаты:

  • Илимий изилдөөлөрдүн деңгээлин жогорулатуу жана жаш окумуштуулардын, адистердин, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин кесиптик горизонтторун кеңейтүү;
  • илим менен билимдин интеграциясы;
  • Чыгармачыл активдүүлүктү өнүктүрүү;

Конференцияда, КРдагы саламаттыкты сактоонун актуалдуу жана курч практикалык көйгөйлөрү, биринчи кезекте эпидемиология жана жугуштуу оорулар, экологиялык медицина, климат жана ден соолук жаатында маселелер талкууланды.

Экинчи кезекте, тамак-аш коопсуздугу контекстинде тамак-аштан уулануу көйгөйлөрүн жөнгө салуунун мыйзамдык базасына, илимий изилдөөлөрдү этикалык кароонун укуктук негиздерине, ракты эрте аныктоого саламаттыкты сактоо тутумунун даярдыгына жана кээ бир көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү.  Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын өз жанын кыюуга аракет жасоонун жыштыгына таасир этүүчү факторлор, ошондой эле коомдук саламаттык сактоодогу бир топ маселелер каралды.

Конференцияга, Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун өкүлдөрү жана КММАнын аспирант окмуштуулары катышып доклад окушту.  

Leave a Reply

Your email address will not be published.