Алдын алуу

Турак жай зоналарындагы жол кыймылы

243

Жол эрежелериндеги бул – турак жай зонасы боюнча түшүнүк, коомчулукта айрым учурларда калктуу пункт же калктуу конуштар түшүнүгү менен окшоштурулуп же алмаштырып кабыл алынып калат. Ошондуктан бул эки түшүнүккө кыскача токтолуп өтүүгө туура келет.

КАЛКТУУ КОНУШ

“Калктуу конуш” – курулуштары бар аймак, тагырак айтканда калк жашаган, тиричилик орун алган аймактардын бардыгы кирет, бирок айдоочулар мындагы жолдордун жана көчөлөрдүн статустарына ылайык жол эрежелеринин айырмачылыктарын эске алуулары керек болот. Мисалы калктуу конушка кирип келе жаткандыгы тууралуу атайы 5.23.1 же 5.25 белгилери коюлган болот, ошондой эле ал конуштун шартына ылайык 40 же 60 км/саат ылдамдык чек коюлган болот. Кайрадан калктуу конуштан чыгып келатканда ал конуштан чыгуу жөнүндөгү 5.24.1 же 5.26  белгилери эрежени жөнгө салат.

Көңүл буруңуз: бул белгилер аймактар арасындагы жолдордо колдонулат. Демек, көчөлөргө киргенде же бир нече үйлөр үчүн ошондой эле көп кабаттуу үйлөр үчүн уюштурулган короолордо эрежелердин башка стандарты каралат.

 ТУРАК-ЖАЙ ЗОНАСЫ

Турак-жай зонасы калктуу конуштагы 5.21 жана 5.22. белгилер менен белгиленген аймак.

Турак-жай зонасында, жөө адамдар артыклыктарга ээ, тагырак айтканда жөө адамдар тротуар жана унаа жолдору менен басууга уруксат берилет, бирок алар транспорт каражаттарынын кыймылына негизсиз тоскоолдук кылууга тийиш эмес.

Айдоочулар турак-жай зонасында 10км/саат ылдамдыктан ашык жүрүүгө, кандайдыр бир унаа жүрүүчү жерден тышкаркы (мисалы чөп, гүл өстүрүлгөн жерлер, балдар аянтчасы, бак отургузулган аянт, турак-жай тилкеси же турак-жай тилкесине таандык огороддор ж.б.) жайлардан айдап өтүүгө жана унааны үйрөнүү үчүн айдоого ошондой эле кыймылдаткычы жүрүп турган абалда токтоп турууга тыюу салынат. Кошумча эске алуучу нерсе массасы 3,5 тоннадан жогору болгон жүк ташуучу унааларды токтотуп коюуга болбойт.

Турак-жай зонасынан чыгып келатканда айдоочулар кыймылдын башка катышуучуларына жол берүүгө тийиш.

ЭСКЕРТҮҮ: Бул эрежелерди сактоо бир нече кожолуктан турган үйрөрдүн жана көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда ал эми айыл жергесинде чакан көчөлөрдөгү адам өмүрүн алган, айрыкча жаш жеткинчектердин өмүрүн алган кырсыктардын алдын алуучу бирден бир аракет болуп эсептелет!

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерисиз эрежелерди сактагыла жана саламатта болгула!

Темага тиешелүү жол белгилери

5.21 – 5.22

5.23.15.23.1

5.25 – 5.26

Leave a Reply

Your email address will not be published.