Тамактануу

Туура тамактануу чың ден соолуктун ачкычы

1266

Туура тамактангануу  чың ден соолукту шарттайт. Себеби жакшы тамактануу – организмди керектүү заттар менен камсыздап, көптөгөн оорулардан сактап, сергек жашоо тартуулайт. Ден соолуктун чың болушу үчүн 80 пайыз туура тамактануу, 20 пайыз спорт керек.

 

Туура тамактануунун негизги эрежелери

1. Күн чыккандан, күн батканга чейин 4 же 5 маал тамактануу шарт

2. Тамактын өлчөмүнө  эмес, пайдалуулугуна кароо зарыл

3. Адам баласынын организминин болжолдуу турдө 75 пайызы суудан турат. Андыктан салмагынызга жараша күнүнө 2 литрдей суу ичиңиз.  Эгер денеге суу жетишпесе адам тез чарчап, кан айлануу бузулуп, баш оору күчөйт

4. Адам күнүнө 600 граммдан кем эмес жер-жемиш жеп, организмди керекүү витаминдер менен толуктап туруусу зарыл.

5. Мүмкүн болушунча кумшекерди, тузду аз пайдалануу керек. Кумшекердин ордун таттуу жер-жемиш, жангак, мөмө-жемиштин кактары же таза бал менен алмаштырыңыз.

7. Жарым фабрикаттарды, кетчуп, газдалган суусундук жана ылдам даярдалган (фастфуд) тамактардан баш тарткан оң.

8. Кечки тамакка балыктын, тооктун, майда жана бодо малдын этин сууга кайнатып же бууга бышырып,буурчак, төө буурчак, сууга бышкан жумуртка,капустанын түрлөрүнөн  жасалган даамдар сунушталат. Тамакка, албетте, жашылча салаттарын кошуп жениз. Жашылчалар тамакты жакшы синирүүгө жардамын тийгизгенден тышкары сиздин организминизди керектүү витаминдер менен камсыз кылып турат.

Categories: Тамактануу

Leave a Reply

Your email address will not be published.