Дени сак шаар

«Дени сак шаарлар»: РДЧжМКнын адистери Ош шаарында тегерек стол өткөрдү

531

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргызстандын түштүк борборунда программаны ишке ашыруу боюнча тегерек столдорду өткөрүүдө.

Иш-чарага РДЧжМКнын  түштүк бөлүмү, шаардык мэрия, муниципалдык бийлик өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышууда.Калктын саламаттыгын чыңдоого багытталган биргелешкен иш-чараларды талкуулоо жана пландаштыруу күн тартибинде

РДЧжМКнын  кызматкерлери негизги багыттар боюнча көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүштү: ден соолук программаларын илгерилетүү жана аларды ишке ашыруу боюнча коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгуу, ошондой эле оорулардын алдын алуу жана калктын калың катмарынын жана максаттуу топтордун арасында сергек жашоо образын пропагандалоо.

Калктын ден соолук абалын жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча аракеттерди бириктирүү максатындагы мындай жолугушуулар буга чейин Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп келген жана өлкөнүн башка аймактарында дагы улантылат.

“Дени сак шаарлар” программасынын негизги максаты – шаар тургундарынын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга салым кошкон дени сак шаар чөйрөсүн түзүү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.