COVID 19

Урматтуу жарандар! Эгерде силерде бир нече белгилер байкалса…

13322

Эгерде силерде төмөндөгү симптомдордун ичинен бирөөсү же бир нечеси пайда болсо:

►дене табынын жогорулашы
►кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу
►ичтин өтүшү
►алсыроо, терчилдик
►муундардын сыздашы, булчуңдардагы оорутуу

►Үйдө болгула
►Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочолонгула (мүмкүнчүлүккө жараша өзүнчө бөлмөдө болгула, үйдүн ичинде ары-бери жүрүүнү чектегиле)
►Гигиенаны сактагыла (беткап тагынгыла, колду тез-тезден жуугула, өзүнчө идиш-аяк колдонгула, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип тургула).

Сунуштар:
►Суюктукту (суу, чай, компот) көп ичүү
►Парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу 500 мг же Ибупрофен 200-400 мг ар бир 4-6 саатта
►Башка өнөкөт оорулар боюнча дарыланууну улантыңыз (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорулары, бронхиалдык астма ж.б.).
Абалыңарга байкоо жүргүзгүлө

Абалга байкоо жүргүзүү
►Дененин табын өлчөгүлө
►Кан тамырдын кагышына көз салгыла
►Дем кыстыгуунун/жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл бургула

Ден соолуктун абалы начарлаган учурда (дене табы түшпөй жатса, жөтөл күчөсө, кыйналган дем алуу/дем кыстыгуу пайда болсо), бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерге билдиргиле ЖЕ андан аркы дарылоо тактикасын аныктоо же мүмкүн болгон ооруканага жатуу үчүн 118ге чалгыла.

►Антибиотиктерди жана башка далилденбеген вируска каршы дары каражаттарын өз алдыңарча кабыл албагыла
►Дарыгер көрсөтмөлөр боюнча керектүү дарылоону дайындайт

Симптомдор болгон учурда СУНУШТАЛБАЙТ:
►Коомдук жайларга (дүкөндөр, дарыканаларга ж.б.) баруу.
►Тест, кандын анализин тапшыруу жана өпкөнүн компьютердик томографиясынан өтүү үчүн медициналык уюмдарга жана лабораторияга өз алдынча келүү.

2 replies »

Leave a Reply

Your email address will not be published.