Жайдын ысык күндөрүндө тамак-аштан уулануу коркунучу жогорулайт. Бул мезгилде азык-түлүк бат бузулуп, бактериялар тез көбөйөт. Ошондуктан, төмөнкү 5 принципти сактоо — ден соолукту коргоонун маанилүү жолу:
1. Тазалыкты сактаңыз
• Колду самын менен жууп туруңуз (тамак жасоонун алдында жана ажатканадан кийин жана колунуз кир болуп ынгайсыз учурда).
• Беттери, идиш-аяктарды тазалап, дезинфекциялаңыз.
• Тамак-ашты курт-кумурскадан жана жаныбарлардан коргоңуз.
2. Чийки жана даяр азыктарды бөлүңүз
• Эт, балык, жумуртка сыяктуу чийки азыктарды башка тамактардан бөлүп кармаңыз.
• Ар башка тактай, бычак пайдаланыңыз.
• Муздаткычта чийки жана даяр тамактарды бөлүп сактаңыз.
3. Тамакты жакшы бышырыңыз
• Айрыкча эт, балык, жумуртка 70°Cден жогору температурада бышырыңыз.
• Даяр тамакты кайра ысытканда, толук ысыганына ынаныңыз.
4. Азык-түлүктү туура температурада сактаңыз
• Ысыкта тамак бат бузулат, аны 1–2 сааттан ашык бөлмө температурасында калтырбаңыз.
• Тамакты +5°Cден төмөн же +60°Cден жогору температурада сактаңыз.
5. Таза суу жана коопсуз азыктарды колдонуңуз
• Болгону таза сууну ичип, колдонгула.
• Жемиш-жашылчаларды жакшылап жууп, колдонордон мурун текшериңиз.
• Мөөнөтү өткөн же шектүү азыктарды жебеңиз.
Сак болунуздар!

Categories: ДЕН СООЛУК, Тамактануу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
881