Жүрөк-кан тамыр оорулары

Жүрөк оорулары жөнүндө дарыгердин сөзүнөн!

199

Бүгүнкү коногубуз Токтосунова Айпери Камильевна, М. Миррахимова атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун жогорку даражадагы дарыгери, кардиолог-реаниматолог, ургентик, кардиология бөлүмүнүн илимий кызматкери.

“Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу ” деген макалабыздын уландысында, Айпери Камильевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Жылдыз Исмаилованын суроолоруна жооп берди.

Улуттук борборго ай сайын канча адам инфаркт жана инсульт менен кабыл алынат?

М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун ургентик кардиология бөлүмүнө жыл сайын 3 миңге жакын бейтап, алардын 250-300ү катуу кармаган миокард инфаркты менен кайрылат. Көрсөтмөгө жараша айына 25-30дай бейтап кабыл алынат. Инсульт менен ооругандар неврологиялык ооруканага жөнөтүлөт.

Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча кандай сунуштарды берет элеңиз?

Кайрылуучулар жыл сайын кардиологдун профилактикалык кароосунан өтүшү керек. Мында холестериндин деңгээли, липиддердин спектри, кандын жалпы анализи, канттын деңгээли жана калкан безинин гормондору текшерилет. Анткени Кыргызстан йод тартыш болгон эндемикалык аймактардын катарына кирет. Патологиялык өзгөрүүлөр аныкталса, жүрөк жана кан тамырларды кылдат текшерүү зарыл. Бирок баарынан мурда, алдын алуу сергек жашоо образын сактоо болуп саналат. Тамеки чегүү жана ичимдик ичүү сыяктуу жаман адаттардан баш тартуу – жүрөк-кан тамыр ооруларынын чыгуу коркунучун бир топ азайтат. Алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу бейтаптарды кийинки жашоодо акыл-эстин бузулуу коркунучунан да коргойт. Активдүү физикалык иш-аракет, тең салмактуу тамактануу да оорунун алдын алуунун маанилүү элементтери болуп саналат.

Борбор Азиядагы көнүмүш тамактануу салты жүрөккө кандай таасир этет?

Борбор Азиядагы салттуу тамактануу жүрөккө терс таасирин берген учурлар аз эмес. Тилекке каршы, биздин аймакта жеген тамак-аштарда малдын майлары – эт, сүт азыктарын көп жейбиз. Өсүмдүк азыктары рационубузда жетишсиз. Муну биздин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлардын менюсунан көрүүгө болот. Лагман, бешбармак, палоо ж.б. азыктар тилекке каршы жүрөккө терс таасирин тийгизет. Туура тамактануу эмне экенин түшүнүү үчүн чоң табактын мисалында элестсек болот. Табактын жарымы жашылча-жемиштерден, төрттөн бир бөлүгү эттен (бул уй эти, тоок эти, балык), дагы төрттөн бир бөлүгү – катуу буудайдан жасалган дан жана макарондон турушу керек. Бул учурда, балык жана тоок, ошондой эле буурчак сыяктуу өсүмдүк протеин жеген артык.

Тоолуу аймак жүрөккө таасир этеби?

Бийик тоолуу шарттарда артериялык гипертониянын пайда болуу коркунучу бар. Жалпак тил менен айтканда артериалдык кан басымынын жогорулашына себепчи болот. Ал эми жогорку кан басымы, өз кезегинде, келечекте инфаркттын өнүгүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Андыктан бийик тоолуу шарттарда кан басымыңызды тез-тез текшерүү зарыл. Ошондой эле, тоолуу аймак өпкө оорулары үчүн кооптуу болуп саналат.

Физикалык активдүү болуу үчүн кандай көнүгүүлөрдү сунуштайсыз?

Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча эл аралык клиникалык көрсөтмөлөргө ылайык, адам күнүмдүк кыймылын эске албаганда, жумасына 5-7 жолу 30-60 мүнөттөн жөө басышы керек. Ошол эле учурда кадам аттоо ылдамдыгы бир аз демдин кысылышын сезе тургандай болушу керек, бирок кыйналбай сүйлөй ала тургандай темпте басуу сунушталат.  Чуркоо да маанилүү. Жумасына 3 жолу спорттук машыгууларды аткарууну кеңеш берем. Анткени мындай жөнөкөй көнүгүүлөрдү аткаруу жүрөгүбүздүн саламаттыгын бир топ жакшыртат.

Жүрөк-кан тамыр ооруларына ким көбүрөөк дуушар болот: эркектерби же аялдарбы жана канча жашта?

Статистикалык маалыматтарга ылайык эркектер көбүрөөк оорушат, бирок карылыкка жетишүү менен аялдарда менопауза башталгандыктан, эки жыныстын өкүлдөрү бирдей жүрөк оорусунан жабыркайт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.