ЖАҢЫЛЫКТАР

Жаӊы жылда ууланып калбаӊыздар

266

Жаӊы жыл түнү көпчүлүгүбүз дасторконду толтургубуз келет. Биз моданын аркасынан кууганыбыз менен майрам күнү тамак-аштан ууланарыбызды унутпашыбыз керек. Тамак-аштан ууланган учурда эмне кылуу керек, кантип сактанса болот, бирге талдайлы.

Тамак ашты сатып алууда

Салт боюнча азык-түлүктү майрамдын алдында аз убакыт калганда сатып алабыз. Шашылыш болгондуктан азыктардын сактоо мөөнөтүнө көӊүл бурбайбыз, колдон сатып алганда акчабызды эле коротпостон, ден соолугубузга да зыян келитребиз.Тилекке каршы  деликатес, кондитердик азыктар, консервацияланган, ышталган азыктардын бардык түрлөрү менен уулануу көп кездешет.


Уулануунун негизги белгилери жана симптомдору

  • жүрөгү айланып, кусуу
  •  муздак тер
  • чыйрыгуу
  • калтыроо
  • күтүүсүздөн алсыроо
  • ич өтүү;
  •  баш ооруп, баш айлануу

 Азыктар менен уулангандагы биринчи жардам

Белгилер пайда болгондо сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыгер келгенге чейин бейтапка беш литрдан кем эмес кайнак суу ичирип, кустурууга аракет кылыӊыз. Бул процедураны ичтен таза суу чыккыча кайталоо керек. Ошондо ашказан тазаланат. Бирок бул процедура чоӊдор үчүн гана каралган, жаш бала ууланса дарыгерди күтүү керек.

 Азыктарды сатып алууда эмнелерге көӊүл буруу керек                                

 Сырткы көрүнүшү – азык менен таанышуу аны салган кутучадан башталат.    

Кутучанын бүтүндүгү –  бүктөлүп, бырышкан таӊгактардан абайлаӊыз, себеби бир аз ачылган кутучалардагы сакталган азык, сатктоо мөөнөнөтүнөн да сатып алган кардарга таасир тийгизет.

 жемиштердин сырткы көрүнүшү –жемиштер жегиликтүү,кабыгы жылмакай болуусу абзел

тоӊдурмалар – чоӊ дүкөндөрдө тоӊдурулган азыктар атайын ваакум баштыкчаларга салынат. Баштыкчаны сөзсүз кармалап көрүӊүз: чоӊ көлөмдөгү муздардын урунушу бирдей эритип,тоӊдурулбагынан кабар берет. Мындай азыктарды сатып албаӊыз.      

жаӊы балык – эгер сиз балык тандап жатсаӊыз, анын көзүнө көӊүл буруӊуз. Ал сапаттуулуктун күзгүсү болотЖагымсыз жыт балыктын талапка ылайык сакталбаганын билдирет.    

  муздатылган эт, канатуунун эти – этти туура тандоо кыйын эмес,сөзсүз этти же канаттуунун этин басып көрүӊүз: ал эт басканда ошол замат кайра калыбына келиш керек. 

ышталган азыктар –  баары эле ышталган колбасаны жакшы көрүшөтэттин кызгылт болушуар кандай химиялык кошулмаларды колдонуунун белгисиал адамдын ден соолугуна зыян келтирет.      

сыр жана май – сырды кескенде түз бирдей тегиз болуш керек, кандайдыр бир сыныктары жок болуш керек.  

 Таттуу десерттер – өтө кооз гүлдөр, ар кандай кремдер менен кооздолгон таттууларды алысыраак алып коюӊуз, себеби балдарда аллергияны пайда кылышы мүмкүнТорттордун сактоо мөөнөтү 36 саат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.