ДЕН СООЛУК

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктордун катышуусунда “Ден соолук-2023” жарышы өттү

509

2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин XXXVI жыйынынын алкагында уюштурулган “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” урааны астында “Ден соолук-2023” жарышы өттү.

Жарыш миңден ашык катышуучунун башын бириктирди, анын ичинде КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана медициналык окуу жайлардын студенттери катышты.

Бул жарыш физикалык активдүүлүккө дем берүү үчүн гана эмес, ошондой эле сергек келечекти түзүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн иштелип чыккан.

«Бүгүнкү күн бизге чогулуп, сергек жашоону колдоо үчүн өзгөчө себеп. “Ден соолук-2023” – бул физикалык активдүүлүк гана эмес, бул өзүңө, ден соолугуңа жана, албетте, бүтүндөй коомго кам көрүү мүмкүнчүлүгү. Бул жарыш сиздердин дени сак келечекке болгон алгачкы кадамыңыз болсун”, -деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жарыш 1 км жана 2 км болгон эки аралыкта уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан тышкары республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эстелик медалдар тапшырылды. Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолду.

«Ден соолугуңа кам көрүү – сенин келечегиңе кам көрүү. Бүгүн жасаган ар бир кадамыңыз – бул узак жана бактылуу жашоого инвестиция. Жарыш физикалык гана чакырык болбостон, сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн шыктануу булагы болсун», – деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

Park

Миңден ашык катышуучуну камтыган бул иш-чара ден соолукка кам көрүүнүн жана коомчулуктун колдоосунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады. Катышуучулар белгиленген аралыкты гана эмес, өзүнүн жеке рекордун да багындырышты.

Биз бул жарышты уюштурууга колдоо көрсөткөн бардык катышуучуларга, ыктыярчыларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин дени сак коомду түзүүгө кошкон салымыңыз биздин жалпы максаттарыбызга жетүүнүн негизги фактору.

Leave a Reply

Your email address will not be published.