Медага болуу түйшүктүү кесип
Саламаттык сактоо тармагында медайымдардын иши тууралуу угуп келебиз. Журналыбыздын бул санында медагаларга да сөз берүүнү чечтик. Биздин каарман Бексултанов Таалай Психикалык ден соолуктун республикалык борборунда иштейт. Ал жумушу жана өзү тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
«1979-жылы Нарын шаарында туулгам. 2000-жылдардан кийин ата-энем Бишкекке көчүп келип туруп калганбыз. Башында жеке клиникаларда иштеп жүрдүм. Медицина кызматкери болууну эңсеп, алгач Нарын мамлекеттик университетине окууга өтүп, фельдшер акушер катары дипломго ээ болдум. Бирок, 2010-жылы Бишкек шаарындагы Республикалык психикалык ден соолук борборуна медага катары жумушка алынып, кыска убакытта эле кетем деп ойлогом. Аталган борбордо иштейм дегенде, ата-энем каршы болгон, бирок иштеп калдым. Бир жерге иштеп көнүп алсаң, кете албайт экенсиң. Лабораторияда иштөө үчүн биофакультетти сырттан окуп бүтүргөм. Азыр жакшы сунуштар чыкканы менен кете албай жүргөн кезим.
ПСИХИКАЛЫК ООРУЛАР ЖАШТАР АРАСЫНДА КҮЧӨП БАРАТАТ
Биздин жумушта физикалык эмес, моралдык жактан чарчайсың. Оорулуулар менен иштөө кыйын. Көбүнчө бейтаптар жаңы келгенде, кол көтөргөндөрү болот. Алар кичинекей балдардай, ар бири менен сүйлөшүп, карап туруш керек. Айыгып чыккандардын арасында ыраазычылык билдирип, келгендери да жок эмес. 10 жыл мурунку абалга салыштырганда, азыр жаштардын арасында оору күчөп жатат. Буга себеп катары жумушсуздук, миграцияны, бузулган айлана-чөйрөнү айтаар элем. Анын ичинде эркектердин ооруганы көп байкалууда. Жетишпеген жашоо адамды стресске кабылтат, андан депрессия өтүшүп, күчөп кете берет. Ичтеги букту чыгарууну үйрөнүш керек. Жакын адам менен сүйлөшүп, жаратылышта эс алып, жакшы уктап, айрым учурда психологго кайрылуу абзел. Кыргыздарда психолог менен кеңешүү деген түшүнүк жок. Өз ден соолугун тобокелге салып, уйкунун же баш оорунун дарысын иче беришет. Дары-дармекти да туура колдонбосо, зыяндуулугу чоң.
КЕСИПТЕШТЕРДИН КӨБҮ АЙЫМДАР
Кесиптештердин арасында айымдар көп. Мисалы, мен иштеген бөлүмдө медага жалгыз менмин, санитарлардын арасында эки жигит бар. Мүнөздө да өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, бирок өзүңдү карманууга аракет кыласың. Коронавирус күчөгөндө, карантинге биз да жабылдык. Атайын кызматкерлер үчүн бир бөлүмдү бошотуп беришти. Коронавирус менен ооругандарды кабыл алуу үчүн башка жерден эки бөлүм ачып беришти. Дал ошол кезде ооруп калып, ал бөлүмдөрдө иштеген жокмун. Жубайым бухгалтер болуп эмгектенет, эки балам бар. Чарчаган күндөрү жубайым менен сүйлөшүп, жаратылышка чыгып эс алып келем. Жалпы калың журтка биринчи байлык ден соолук, ага кайдыгер карабаш керек деп айткым келет».
Кыргыздарда психолог мененкеңешүү дегентүшүнүк жок. Өз ден соолугун тобокелге салып, уйкунун же баш оорунун дарысын иче беришет
Categories: Журнал Ден соолук+