Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

2227

Токтобай Маанаев:

«Ар бир адам өз ден соолугун сакташ керек«

Кыргызстанда пандемия учурунда медициналык мекемелерде чоң өзгөрүүлөр болуп, ал тургай жетекчилер алмашты. Алардын бири – Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев август айында ооруканга жетекчи болуп келген. Биздин каарман өлкөдөгү башкы оорукана тууралуу маалымат берди.

— Токтобай Исраилович, Улуттук госпиталга оор кырдаалда башкы дарыгер болуп келгениңизде, кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
— Менин Улуттук госпиталга башкы дарыгер болуп келгеним жаңылык болгон жок. Себеби, тогуз жылдан бери Ысык-Көл облусунун облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери болуп иштеп келе жаткам. Коронавирус боюнча Бишкекте кандай абал болуп жатса, облуста деле ошондой абалда иштеп жаттык. «Кара июлду» кечирдик. Улуттук госпиталга коронавирустун биринчи толкуну аяктап калганда келдим. Чынын айтканда, аталган оорукананын даражасы бийик, потенциалы абдан күчтүү. Бул оорукананын статусу ошондой – бардык нерсеге даяр болуш керек, кандай болгон күндө да Кыргызстандын булуң бурчунан келген жарандарды кабыл алышы шарт. Мен келгенден кийин пандемиянын экинчи толкунуна даярдана баштадык. Ошол учурда, эл өзү эле бирибирине кайдыгер болбостон жардам берип келгени баарына белгилүү. Азыр баарын айтып отуруу мүмкүн эмес. Андыктан, аларды көрсүн деп мен атайын оорукананын алдында стенд жасатып койдум. Эгерде биринчи толкунда кызыл зонага киргенге дарыгер таппай калсак, кийин баарын окутуп, кызыл зонада иштейм деген дарыгерлердин арасынан тандап алып жаттык. Жуктуруп алгандар улам көбөйгөн сайын койканын саны да көбөйтүлдү. Дарыгерлер үчүн атайын обсервация ачтык. Кийин ал да жетишсиз болуп жатканда, «Ак-Кеме» мейманканасын алдык. Азыркы учурда, мурунку урология борборун кайрадан оңдоп-түзөп, ар бир палатага шарт түзүп, даярдап койдук.

— Ооруканага диагностикалык лаборатория орнотулгандыгы тууралуу маалыматыбыз бар. Жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
— Ооруканадагы жаңылыктар тууралуу айта турган болсом, борборлоштурулган кычкылтек берүү системасы киргизилди. Учурда коронавируска каршы кадрлар дагы, коргоо каражаттары, дары-дармектердин бардыгы жетиштүү. Айта кетсем, төрт газ анализатору бар. Диагностикалык лабораторияны иштетип, жеке лабораториядагы мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жасаганга аракет кылдык. Ошол эле учурда томография, ангиографиялык аппараттар алынып келинет. Жакында, Улуттук госпиталда дүйнөлүк масштабдагы эң жогорку деңгээлдеги аппараттардын бардыгы болот деген үмүтүм бар. Улуттук госпиталга Кыргызстандын бардык облусунан жарандар келет. Тилекке каршы, бир чоң үй-бүлөлүк медициналык борборуна айланып калган экен. Андайга жол бербешибиз керек. Бирок, муну түшүнө беришпейт. Бейтаптар эч нерсеге карабай, жашаган жериндеги медициналык кызматкерлерге кайрылбастан келе беришет. Бейтап ооруп жатса, кантип жардам бербей коебуз. Биздин кепилдик программабыз боюнча, ар бир бейтапка бөлүнгөн акча каражаты бар жана ал туура колдонулушу керек.

— Медицина тармагына кызыгууңуз качан пайда болду?
— Мен Ысык-Көл облусунан болом. Менин атымды Токтобай деп койгонунун себеби, бир күндө эки агам жана эжем каза болгон экен. Сураштыра келсем, кызамыктын айынан каза болушкан дешти. Ал убакта кызамыктан эмдөө да жок, дарылоо да жок болчу. Бул мага түрткү болуп, дарыгер болууну чечтим. Анын ичинен инфекциялык дарыгер болуп иштедим. Эң алгач окууну бүткөндө, алты жылга чейин жаңы төрөлгөн балдар менен иштеп жүрдүм. 1988-жылы гезиттен Ленинградга ординатура-аспирантурага конкурс жарыяланып калганын көрүп калып, тапшырдым. Конкурстан өтүп, инфекциялык кызмат боюнча окуп келдим. Кийин регионго аз эле убакытта иштеп, кайра кетем деген ой менен райондук ооруканага башкы дарыгер болуп барып, ошол бойдон орун ээлеп калдым. 2012-жылдан 2020-жылга чейин облустук оорукананын башкы дарыгери болуп иштедим. Бүгүнкү күндө, жетекчилик кызматта иштеп келе жатканыма 29 жыл болду. Жубайым дагы дарыгер. Студент кезде таанышып, баш кошконбуз. Биздин кесип кыйын, дарыгерди дарыгер эле түшүнөт. Учурда биздин жолубузду улаган кызыбыз – акушергинеколог болуп эмгектенет.

— Медициналык кызматкерлер бейтаптан эмнени күтөт?
— Мен колуман келгенче жардам бергенге аракет кылам. Телефонум 24 саат бою өчпөйт. Себеби, бүгүн менде мүмкүнчүлүк бар, жардам бере алам. Эртең алар мага чалбай калышы мүмкүн. Ошол үчүн ар бир күндү жөн өткөрбөй жардам бергиле дейт элем. Бүгүн бейтап жардам сурап кайрылып жатканда, андан акча үмүт кылбай, колдон келген жардамды бериш керек. Мен айтаар элем, коронавируска чейин дарыгерлерди адам катары көрбөй калышкан. Ар бир адамдын ден соолугу өзүнө керек, а бирок ал жүк дагы бизге жүктөлүп калган. Мына ушул 2020-жыл бизге абдан көп өзгөрүү алып келди. Оорунун аркасынан, оңдоп түзөө иштери бүткөрүлдү. Эмнеге базарда туалетке 20 сом аябай бересинер да, ал эми ооруканага ден соолук үчүн келип жатып, 5 сом аяп коесунар? Мына ушуну түшүнүш керек.

— Жаш кадрлар үчүн чет өлкөдөн стажировка өтүүгө кайсы мамлекетти сунуштай аласыз?
— Эч жерди сунуштабайм. Чет өлкөдөн окуп, стажировка өтүп келсе болот. Бирок, мен жаштарга Кыргызстанда гана иштөөсүн сунуштайт элем. Өзүңдүн мамлекетиңден өткөн жакшы жер жок. Бизде азыр бардык мүмкүнчүлүк жетет. Базабыз бар, аппараттар жылдан жылга жаңырып жатканы белгилүү.

— Эркин микрофон. Кесиптештерге жана жалпы элге кайрылууңуз
— Адам баласына өмүр бир эле берилет. Ар бир адам өз ден соолугун сакташ керек. Сенин ден соолугуң сенден башка эч кимге кереги жок. Туура окуп, туура маалымат алуу ашыкча болбойт. Ал эми кесиптештериме айтаарым, чет өлкөдө дарыгер менен бейтаптын ортосунда акча маселеси болбош керек дешет. Себеби, ал убакта дарыгердин кесипкөйлүгү 50%га түшөт экен.

Маектешкен Алия Назымова

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.