Карантинде айдоочулар дем алышсыз иштеди
Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылды «Медициналык жана социалдык кызматкерлердин жылы» деп белгиледи. Мындай чечим пандемия маалында медицина тармагында кызмат кылып, абдан чоң ролду ойногон башка кесиптин ээлеринин ишин белгилөө үчүн келип чыккан. Алардын арасында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун айдоочусу – Кубан Тыналиев бар. Биздин каарман пандемия убагындагы иш күндөрүнө кайрылды.
«44 ЖЫЛДЫК АЙДООЧУЛУК ТАЖРЫЙБАМ БАР»
«Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна (ред.-учурда борбор Республикалык ден соолукту чыңдоо
жана массалык коммуникация борбору деп өзгөртүлгөн) келгениме алты жыл болду. Алты жыл аз убакыт эмес, баарбыз бир туугандай болуп калдык. Мага борбордун жамааты абдан жагат. Негизи, айдоочу болуп иштеп жатканыма 44 жыл толду. Айдап жүргөн унаам эски үлгүдө, алыс жерге командировкага бара албайсың, жетпей калат. Бузулуп калса, бир айга чейин кыймылдабайт. Аны өзүбүз карап, оңдоп, жууп турабыз. Унаа үчүн 15 миң сом ижаранын акчасын республикалык борбор өзү төлөп турат».
«КАРАНТИН УБАГЫНДА ТЫНГАН ЖОКПУЗ»
«Карантинге жабылганда, кыргызча айтканда «тынган» жокпуз. Айдоочу болгондон кийин баарын ташыдык, жетекчиден баштап, дарыгерлер, медайымдар, журналисттер, кароолчу, санитаркалардан бери ташыдык. Эски үлгүдөгү унаам дагы бузулбай, жакшы кызмат кылды. Эң алыс дегеним Кант, Воронцовка, Ала-Арча айылдарына барып жүрдүм. Андан сырткары, маалыматтык баракчаларды жеткирип жүрдүк. Кээде кызматкерлерге тамак ташыган учурларыбыз болду. Кызматкердин баары үйүнө жеткенде түнү менен үйгө кетип, таң эрте ишке биринчи келип жаттык».
«ЖУМУШТА ПСИХОЛОГИЯЛЫК ЖАКТАН ООР БОЛДУ»
«Психологиялык жактан абдан эле оор болду. Себеби, обсервациянын баарына бардык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында күнүгө каза болгондорду көргөн сайын, моралдык жактан кыйын болот экен. Ошол учурда, элдин көбү ишенбей жатышты, а биз өз көзүбүз менен көргөндөн кийин, айтып жаттык. Мен катуу ооруган жокмун. Бир – эки күн дене табым көтөрүлүп эле жакшы болуп кеттим. Ал күндөрү деле жумуштан калбай, иштеп жүрдүм. Ал учурда үй-бүлөм мени түшүнүп жатты. Жашым 60 тан ашкан, тобокел тобуна кирсем дагы жумушта болдум. Оору жуктуруп аламбы деп коркуп, неберелериме барбай калдым. Күйөө балам заводдо иштейт. Аны бир айга чейин жумуштан чыгарбай коюшту. Кызыма, неберелериме тамак жеткирип турганга туура келди. Эшик алдына таштап, үйүнө кирбей эле кетип калып жаттым».
«ДАРЫГЕРЛЕРГЕ ЫРААЗЫ БОЛУШ КЕРЕК»
«Дарыгерлерге ыраазы болушубуз керек деп ойлойм. Оорунун айынан канча дарыгер, жашы-карысы дебей дүйнөдөн кайтты. Биринчи көкүрөк тоскон адамдар медицина кызматкерлери эле. Баары тикесинен тик туруп иштеп жатышты. Карантин бүткөнчө, көчөгө медициналык кызматкерлерден башка эч ким чыккан жок. Коменданттык саат убагында «Коопсуз шаар» долбоору иштебейт, айыппул салынбайт деген маалымат тараган. Бирок, айдоочулар айыппул төлөдүк. Тез жардам унааларынын айдоочуларына аябай көп айыппулдар келгенин көрүп жүрдүм». Карантин маалында, посттор коюлуп калып, пропуск алганча кыйналдык. Бир күнү ыкчам штабдын кызматкерин Киркомстром районунан алып келгени жиберишти. Ал дарыгерди алып баратсам, посттон өткөрбөй коюшту. Айла жок, кан алып келе жатам деп калп айтсам да, болгон жок. Ошентип тегеренип жүрүп келсек, жумуш бүткөнү калыптыр. Кийин пропуск алгандан кийин маселе жаралган жок.
Categories: Журнал Ден соолук+