Рустам Курманов:
«Медицина кызматкерлери бааланган күн келет«
Медициналык билим алуу эбегейсиз зор эмгек. Дарыгерлер университет же академияда алган билими менен токтоп калбай, квалификациясын жогорулатып турушу милдет. Мына ушул багытта иш алып барган Кыргызстанда жалгыз С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту бар. Окуу жайдын ректору медицина илимдеринин доктору Рустам Абдыкайыпович Курманов акыркы өзгөрүүлөр тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
— Рустам Абдыкайыпович саламатсызбы, институт тууралуу кыскача маалымат берип өтсөңүз. Пандемия маалында институт кандай иш алып барды?
— Март айында пандемия деп жарыяланганда эле тез аранын ичинде медициналык кызматкерлерди окутуу тапшырмасы берилген. Айта кетишим керек, коронавируска каршы даярдык бизде февраль айында эле башталган. Окутуу программаларын иштеп чыгып, дистанциондук түрүн да ишке киргизгенбиз. Албетте, бул учурда дистанциондук окууну билген адистер аз эле. Бирок, убагында жасалган аракетибиз менен жакшы ийгиликтерге жетиштик. Дүйнөлүк медицинада колдонулуп келе жаткан программа, ыкма, илим менен иш алып бардык. Чет өлкөдөн келип тажрыйба менен бөлүшүп жаткан кесиптештер, окутуу ыкмабыз туура экендигин белгилешти. Жалпысынан, кыска мөөнөттүн ичинде 36 миңден ашуун адис окуудан өттү.
— Адистер жетишпей турган учурда, министрлик медициналык кесиптин ээси болгон бардык жарандарды жумушка чакырып жатышпадыбы…
— Биз эч кимди бөлбөй окуттук: ыктыярчылар, каалоочулар, жөнөкөй элди дагы. Дистанциондук форма менен окутуунун жакшы жери онлайн каалаган адам кошула алат. Бир убакта 3000ден ашуун адамды окутуп жаттык. Ошондуктан, учурда баары коронавирустан коргонууну, биринчи жардамды, реабилитацияны билишет. Бир гана медициналык кызматкерлер менен чектелбестен, массалык маалымат каражаттарына дагы көп маалымат таратканга аракет кылдык.
— Учурда медициналык факультеттер абдан көбөйдү. Медициналык билим берүүдө азыр эмнеге көңүл бөлүшүбүз керек?
— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда медиктерди даярдаган 20дан ашуун окуу жай бар. Мен алардын окуу программасын баалай албайм, бирок окуунун сапаты түшүп кеткени байкалууда. Балким, программасы, окутуу ыкмасы эски боюнча калып, талаптар жаңыртылып, күчөтүлгөнү бир фактор болушу мүмкүн. Бизде деле кемчиликтер бар. Мисалы, айрым программалар көп жыл жаңыланбай келген, мындан улам алардын үстүнөн иштеп жатабыз. Биздин институт бир жылда 10 миңден ашуун адисти окутат. Атайын программа менен окутуунун эрежелери бар. Мисалы, бир-эки жума башка топ, андан кийин башка топ окушу мүмкүн. Ошондой эле, дарыгерлердин дагы деңгээли ар башкача. Ал эми студенттер жыл сайын бир эле программа менен бирдей контингент окутулат.
-Жаш кадрларга стимул берүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз? — Чынында стимул жок. Биринчиден, ординатор дагы дарыгер. Ага дарыгер катары мамиле кылыш керек. Ага өзүн көрсөтүүгө убакыт бериш керек. Экинчиден, ординатор бир гана сумка менен барат. Андыктан, аларга шарт түзүп, жардам берүү зарыл. Анан албетте айлык акынын аздыгы.
— Билим берүү жаатында кайсы мамлекеттер менен иштешесиздер?
— Биздин окуу жай Россия, Казахстан, Кытай мамлекеттеринин медициналык окуу жайлары менен кызматташат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аркылуу дагы көп мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Чет өлкөдө иштөөдө эки критерий баалуу: биринчиси техникалык шаймандар, экинчиси кадрлар. Россияда, Англияда иштеген кадрларыбыз бар. Маселе башка нерседе: медицинада жаңы багыттар, жаңы технология жана ачылыштар болуп жатат. Тилекке каршы, бул жаатта биздин тармак жаңыланууга муктаж.
— Эмне үчүн Пакистандан, Индиядан Кыргызстанга дал ушул медицина тармагына келип окушат? Бул эмнеге байланыштуу?
— Бул дагы өзүнчө бир билим туризми. Медициналык академия Советтер союзунун убагында эң мыкты окуу жайлардын катарына кирген. Экинчиден, билим акысы жеткиликтүү. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү Пакистанда, Индияда администрацияда, айыл-аймактардагы биздин ФАП сыяктуу пункттарында фельдшерлик деңгээлде иштешет, жарандарды кабыл алып, дары-дармек жазып беришет.
— Жаш кадрларга жана жалпы элге кайрылууңуз
— Баардыгына чың ден соолук, ал эми медициналык кызматкерлерге чыдамкайлыкты каалайм. Себеби, медициналык ар бир кызматкерлер баалана турган убакыт келет. Ар бир адис кесипкөй, дайыма зарыл болушуна тилектешмин.
Маектешкен Алия Назымова
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА КВАЛИФИКАЦИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ — Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында иштеп жаткан дарыгерлер, медайымдар жана башка адистерге токтоосуз медициналык билим берүү системасын жүзөгө ашырган мамлекеттик жогорку билим берүү мекемеси. КММКДжКЖИ 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен түзүлгөн. Ошондой эле, институтта ар тараптуу медициналык багыттардын интернатура, клиникалык ординатура жана аспирантура боюнча дипломдон кийинки программалар ишке ашат.
НЕГИЗГИ МИССИЯСЫ — Эл аралык стандарт жана практикалык саламаттык сактоо системасынын керектөөсүнө ылайык калкка медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу. Медициналык институттун түзүмү төрт факультеттен жана Түштүк филиалдан турат.
Categories: Журнал Ден соолук+