Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

2227

Чек ара маселеси да таасирин тийгизүүдө

«Чек ара маселеси абдан орчундуу. Бул чыр-чатактар сөзсүз биздин ишке таасирин тийгизет. Ушул окуяларда дарыгерлердин ролу абдан чоң деп эсептейм«

Медицина тармагында региондордо көйгөй көп экени белгилүү. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Борубеков облуста иштөөнүн артыкчылык жана кыйынчылык жагына токтолуп, чек ара маселесинде дарыгерлерге түшкөн оор түйшүк тууралуу айтып берди.

Саламатсызбы, Арзыбек Курсаналиевич, үстүбүздөгү 2021-жылы сиздердин ооруканада кандай жаңылыктар болду?
— Жыл башынан бери Баткен облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунда жана жалпы саламаттыкты сактоо мекемелеринде оптимизация боюнча иш алып баруудабыз. Айта кетсем, региондогу райондордо жана шаарларда бардык саламаттык сактоо мекемелери кыскартылып, кайрадан жалпы практикалык борбору болуп түзүлдү.

— Алдыда дагы кандай пландар турат?
— Неизги пландардын бири – облустук оорукананы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү же болбосо жаңы заманбап оорукана куруу болуп саналат. Ошондой эле, 22-мартта Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борборунда хирургия жана реанимация бөлүмүнүн капсула салуу аземине барып келдик. Ушул борборду бүтүрүү планыбызга кирет. ҮДТ жана ФАП деңгээлинде жаңы заманбап дарыгерлер тобун же фельдшердик — акушердик пункттарды салуу боюнча дагы иш алып барабыз.

— Баткен облусунда чек ара боюнча көп маселе бар экени белгилүү. Бул окуялар ооруканага жана медкызматкерлердин ишмердүүлүгүнө кандай таасирин тийгизет?
— Чек ара маселеси абдан орчундуу. Бул чыр-чатактар сөзсүз биздин ишке таасирин тийгизет. Ушул окуяларда дарыгерлердин ролу абдан чоң деп эсептейм. Негизгинен облустук ооруканага, үй-бүлөлүк медициналык борборго, тез жардам кызматына оор түйшүк болот. Себеби, буга чейин тез жардам унаалардын жетишсиздиги, эскилиги жеткендиги көйгөй жаратчу. Бүгүнкү күндө, бул унаалар жаңыланып, толук кандуу биринчи жардам көрсөтүү боюнча шарт түздүк. Тилекке каршы оорукананын абалы да заманбап талапка жооп бербейт. Андыктан, алдыдагы максатыбыз ушул оорукананын материалдык техникалык базасын камсыздоо болуп саналат.

Оорукананы жетектеп турганыңызга канча жыл болду?
— 2018-жылдан бери Облустук үйбүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси жана саламаттык сактоо тармагынын координатору болуп иштеп келе жатам. Өзүм жөнүндө айта турган болсом, 2010-жылы Ош мамлекеттик медицина факультетин аяктап, Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия борборунда клиникалык ординатураны бүтүргөм. Эмгек жолумду үй-бүлөлүк медициналык борборунда жөнөкөй дарыгер катары баштагам. Андан кийин бөлүм башчы, директордун жардамчысы болуп иштедим.

Медицина тармагына кызыгууңуз качан жаралды эле?
— Биздин үй-бүлөдө, туугандардын арасында медицина тармагында иштегендер жок. Бир гана эжем медайым болчу. Мектепте 10-11-класстарда окуп жатканда, медицинага кызыгуу жаралган. Буга ата-энемдин колдоосу, түрткүсү да себеп болду. Алардын ишеничин актайын деп медициналык факультетке тапшырдым.  Окуп баштап, практикага келгенде бейтап менен иш алып баруу, жаңы нерселерди үйрөнүү мага кызыктуу болду. Биздин кесип — кадыр-барктуу кесиптердин бири, анын артыкчылыгы — адамдын өмүрүн сактап калуу, аларга жардам берүү деп эсептейм.

— Практикалык медицинаны эмес, административдик жумушту тандооңузга эмне түрткү болду?
— Мен директордун орун басары болуп иштеп жатканда, жетекчилик кызматты аркала деп ишеним арткан адамдар болгон. Бирок, бир гана мен жетекчи болом деген ойдон алысмын. Кызматтан кеткен учурда, жөнөкөй дарыгер болуп деле эмгектенгенге даярмын. Айрым учурда, практикалык жактан бейтаптарды көрүп, дарылап, нөөмөткө туруп иштеп калган күндөр болот.

— Сизди жаш жетекчилердин бири катары тааныйбыз. Ооруканага жаш кадрларды тартуу үчүн кандай иш-чараларды алып барып жатасыз?
— Жаш жетекчи катары жаш кадрларды тартуу боюнча пландар бар. Мисалы, жатакана маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы, пандемия учурунда инфекциялык бөлүмдү реконструкция кылууга туура келип, пландар артка жылып калды. Бул максат алдыда ишке ашат деген ойдомун. Ошондой эле, жаштарга стимул берүү, мотивация берүү боюнча шарт түзүүгө аракетибиз чоң. Аларга жайкы эс алууну уюштуруу, Бишкек жана Ош шаарларында окуудан өткөрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

— Негизи эле региондо иштөөнүн артыкчылык жана кыйынчылык жактарын айтып бере аласызбы?
— Региондо, өзгөчө биздин тармакта көйгөй көп. Мисалы, иш убактысы бүткөндө кетип кала албайсың. Күндүз бейтаптарды карасак, кечинде көбүнчө иш кагаздар, барак жазуу менен алекпиз. Эң кыйынчылыгы — чек ара маселеси. Бул убакта массалык түрдө адамдар тез жардамга, операцияга муктаж болушат. Ошондуктан, түшүнүү менен иш алып баруу зарыл. Ал эми артыкчылыгы катары – Баткен шаарында туулуп-өсүп, тургуну болгондон кийин, калкты тааныйсың. Бул жумушта жеңилдик жаратат.

Кесиптештериңизге жана калың элге кайрылууңуз.
— Пандемия учурунда медицинада каралбай келе жаткан маселелер ачык-айкын көрүнүп калды. 2020- жылы алардын баарына көңүл бурулуп, айлык маяна, унаа, техникалык база жана башка маселелер чечилип, көмөк көрсөтүү болду. Адамдын барктуулугу, улуулугу дагы ушул пандемия учурунда белгилүү болду. Андыктан, заманыбыздын тынч болушун, калктын ден соолугунун чың болушун каалайт элем.

Маектешкен Алия Назымова

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.