Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс Апрель 2021 № 4

1484

МАЗМУНУ

1. 2021-жыл медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы

2. Алымкадыр Бейшеналиев: «Реформанын натыйжасында бир районго бир эле башкы дарыгер дайындалат»

3. Жазгы гиповитаминоз – авитаминоз деген эмне?

4. Рустам Курманов: «Медицина кызматкерлери бааланган күн келет»

5. 4 страны с самой лучшей медициной

6. Вирустук кене энцефалити

7. Тамак ооруганда эмне кылуу керек?

8. Чек ара маселеси да таасирин тийгизүүдө

9. 7-апрель – Ден соолук күнү

10. Медер Исмаилов: «Преимущество кыргызской медицины — в сохранении системы обеспечения медицинской помощи»

11. Медага болуу түйшүктүү кесип

12. Депрессия

13. Токтобай Маанаев: «Ар бир адам өз ден соолугун сакташ керек»

14. Карантинде айдоочулар дем алышсыз иштеди

15. Живи активно!

16. Указ Президента Кыргызской Республики

17. Сканворд

18. Мерсико Кыргызстан Поддержка детей и молодежи, улучшение питания и здоровья

19. Что делать если вы столкнулись с насилием?

20. Новости медицины: импланты вместо винтов и спиц


2021-жыл медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДСУ) бүт дүйнө жүзүндөгү саламаттык сактоо системалары үчүн аябагандай чоң чакырык болгон COVID-19 пандемиясы учурунда (калкка медициналык-социалдык жардам көрсөтүү боюнча зор салымын) жардам берүүгө дайыма даяр тургандыгын тааныгандыгынын белгиси катары 2021-жылды медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы деп жарыялады.

Медициналык-социалдык кызматкерлерге саламаттык сактоо кызматтарынын жана коомдук саламаттык сактоонун бардык кызматкерлери, аралаш тармактардын кызматкерлери жана жогоруда аталган функцияларды аткарууга көмөктөшкөндөрдүн бардыгы кирет. Ушул адистердин кеңири категориясына саламаттык сактоонун кызматкерлери – медайымдар, акушерлер, фармацевттер, физиотерапевттер, ошондой эле саламаттык сактоо тармактарынын психикалык ден соолукту коргоо боюнча адистери, социалдык жардам көрсөтүү кызматкерлери, эмгек гигиенасы боюнча адистер, радиографтар, лаборанттар, оорулууну багуучулар жана башкалар кирет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 73-сессиясында мүчөмамлекеттер медициналык жана социалдык кызматкерлердин жарандардын, жамааттардын ден соолугун коргоодогу жана жыргалчылыгындагы ролу маанилүү экендигин белгилешти. Мүчө-мамлекеттер COVID-19 пандемиясы Саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарда жана саламаттык сактоо системаларынын даярдыгын жана жашап кетүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоодо бардык медициналык-социалдык кызматкерлердин маанилүү экендигин көрсөткөндүгүн өзгөчө белгилешти. Медициналык жана социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы пандемияга жана анын кесепеттерине каршы аракеттенүү, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү үчүн медициналык-социалдык кызматкерлердин даярдыгына, алардын билим алуусуна жана кесиптик даярдыгына инвестицияларды көбөйтүүгө болгон муктаждыкка көңүл бурдуруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болмокчу. COVID-19 менен күрөшүү боюнча чаралардан тышкары баштапкы медициналык-социалдык жардам, жугуштуу эмес ооруларды кароо жана психикалык ден соолук, эне жана баланын ден соолугун коргоо боюнча кызматтар, ошондой эле узак жана паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн инвестициялар дагы керек. Эгерде медициналык-социалдык тармактагы жумуш жагымдуу болбосо жана колдоого алынбаса, өлкөлөр ага бардык жаш кадрлардын агымын, анын ичинде айыл жергесинде иштөө үчүн камсыздай албайт, ошондой эле саламаттык сактоо кызматтарын жалпы камтууга жана саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга жетише албайт. Медициналык-социалдык кызматкерлердин эл аралык жылынын максаты медициналык жана социалдык кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү эле эмес, ошондой эле өлкөлөргө ушул адистер бет келишип жаткан эски көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттерге мотивация берүү. Медициналык-социалдык кызматкерлердин ден соолугу жана жыргалчылыгы дайыма чоң мааниге ээ болуп келген, ал эми бүгүнкү күндө чынында эле чечүүчү ролго ээ болду. Биздин коом көпкө созулган стресстин жана медициналык-социалдык кызматкерлер үчүн дале уланып жаткан жүктүн кесепеттерине каршы турууга аракеттенип жаткан учурда, мүчө-мамлекеттер алардын зарыл керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого тийиш.
Ушул жыл ичинде БДСУнун Европалык аймактык бюросу өнөктөштөр менен биргеликте саламаттык сактоо кызматкерлерине жана башка адамдарга жардам көрсөтүп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү үчүн күч аракетин жумшайт жана алардын иштөө шарттарын жакшыртууга; алардын билим алуусуна инвестицияларды тартууга; алардын ден соолугун жана жыргалчылыгын коргоого багытталган макулдашылган чараларды колдойт.
БДСУнун глобалдуу билдирүүсү: 2021-жыл Медициналык-социалдык кызматкерлердин эл аралык жылы деп жарыяланды.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.