Онкологиялык оорулар

Көкүрөк рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча акысыз скринингден өтүңүз

325

Жыл сайын 4-февраль күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк рак оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Чүй облусунда жатын моюнчасынын жана эмчек рагын аныктоо боюнча масштабдуу иш-чара өткөрүлүүдө.

Акцияга 25 жаштан 60 жашка чейинки бардык каалоочу айымдар катыша алат. 25-27-январь аралыгында Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда көкүрөк безин текшерүү, жатын моюнчасынын рагын текшерүү жана кольпоскопия акысыз жүргүзүлүп жатат.

Аялдар текшерилип, гинеколог, маммологдордон кеңеш алышат.                

«Биз мындай акцияны тобокелдикке кабылган аялдар арасында өткөрүүнү чечтик.

Биз жашаган жерине карабай баарын кабыл алабыз. Бир күндө эле 100 аял текшерүүдөн өтүп, алардын төртөө Улуттук онкология жана гематология борборунун үчүнчү баскычына жөнөтүлдү.

Элдин көңүлүн профилактикалык текшерүүлөрдүн маанилүүлүгүнө буруп, мындай иш-аракеттер үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек, анткени адамдар бош болушу мүмкүн же текшерүүдөн өтүүгө каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок болушу мүмкүн”, – дейт Эне жана баланы коргоо боюнча директордун орун басары Руфина Кожобекова.

“Андан сырткары акциянын алкагында эки күн ичинде Чүй облусу боюнча 225 аял текшерүүдөн өттү, бүгүн дагы текшерүү уланууда,- деп кошумчалады Чүй облустук координатору Бактыгүл Мамытова.

Буга байланыштуу Чүй облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору Бишкек шаарына жана облустун башка райондоруна “эстафетаны” өткөрүп жатат.

Ошентип, 30-январдан 3-февралга чейин ушундай эле акциялар борбор калаанын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда өткөрүлөт. Учурда тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө.

«Мен бардык аялдарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, текшерүүдөн өтүүгө чакырам. Өзүңүзгө жана ден соолугуңузга кам көрүңүз! Ошондой эле КММАда көкүрөк бези рагын изилдөөдөгү жогорку технологияларга арналган чоң конференция өтүп жатканын белгилейм. Ага бардык аймактардан онкологдор катышууда.

Калкыбызга жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү жана сапаттуу дарылоо максатында жаңы тенденциялар менен таанышып, пикир жана тажрыйба алмашууда», – деп кошумчалады Улуттук онкология жана гематология борборунун маммология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда эле жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат. Бул оорулардан каза болгондордун саны боюнча Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда турат.

Иш-чаранын уюштуруучулары – КР Саламаттык сактоо министрлиги, РДЧжМК, Чүй облустук медицина борбору, ДССУ жана ЮНФПАнын колдоосу менен.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.