Алдын алуу

Б О Т У Л И З М

2791

Ботулизм деген эмне?

Ботулизм – тамак-ашка ботулизмдин козгогуч бактерияларынын уу заттарын (токсиндерин) камтыган азыктарды колдонгон учурда пайда болуучу өтө оор жана коркунучтуу илдет. Нерв системасын жабыркатуу менен мүнөздөлөт, оор болгон учурда шал болууга же өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Ботулизмдин козгогучтары табиятта кеңири таркаган. Алар жер кырты-шынан, суудан, жаныбарлардын жана балыктардын организминен да табылат. Ботулизмдин бактериялары жер кыртышынан козу карындарга, жашылча жемиштерге келип түшөт.
Бирок ботулизмдин козгогучу өзү коркунуч туудурбайт, анын кычкылтек жок шарттарда иштелип чыккан уузаты (токсини) коркунуч жаратат. Азык заттарды консервалаган учурда дал ушундай ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Ботулизмдин уу заттары (токсиндери) өтө күчтүү уулардын катарына кирет. Бул уу зат (токсин) 100°С жана андан жогорку температурада өлүп жоголот, ошол себептен заводдордо даярдалган гана консерваланган азыктарды колдонуу талапка ылайык.

Ботулизм кандайча жугат?

Ботулизмди жугузуп алуу консерваланган азыктарды колдонгон учурда ишке ашат, айрыкча үй шартында даярдалган, санитардык нормалар, термикалык иштетүүнүн (кайнатып бышыруунун) технологиялары сакталбаган учурларда жугат. Көпчүлүк учурда булар консерваланган козу карындар, жашылчалар (баклажандар, бадыраңдар, помидорлор ж.б.), эт жана балык азыктары. Ботулизм жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү ветчина, ышталган, сүрсүтүлгөн балыктарда жана колбаса азыктарында жогору. Ботулин бактериясы жугузулган консерваланган азыктарды сапаты жакшы, таза азыктардан жыты жана түсү боюнча эч кандай айырмалоого болбойт.

Ботулизмдин белгилери

Ботулизмдин белгилери демейде токсин камтылган азыкты колдонгондон кийин 12-36 сааттын ичинде билинет, бирок айрым учурларда 4 сааттын ичинде эле билинсе, кай бирлеринде жуктуруп алгандан кийинки 8 күндүн ичинде дагы билиниши мүмкүн.
Көпчүлүк учурда оору тез өнүгөт. Жалпы алсыздык, баш оорутуусу, кусуу, тез-тезден ич өтүүсү, ичтин оорутуусу. Дене температурасы нормалдуу болушу мүмкүн же бир аз көтөрүлүшү ыктымал.
Оорунун башталганынан бир нече саат өткөндөн кийин көрүүнүн начарлашы билинет: көз алдында “туман” же көздүн тунаруусу, кош көрүнүү, заттардын даана эмес көрүнүүсү.
Андан кийин катуу жана суюк тамак-аштарды жуткан учурда кыйналуусу, сүйлөшүнүн бузулушу, так эместиги, күңкүлдөөсү жана киркирек үндүн пайда болушубайкалат.
Ботулизмдин эң коркунучтуу көрүнүшү болуп дем алуунун жетишсиздигинин өөрчүшү эсептелет. Оорулуунун деми кыстыга баштайт, энтигүү, тахикардия, аба жетпеген сымал сезимдер пайда болот. Эгерде өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө, гипоксиядан, жүрөктоктоп калуусунан өлүмгө учурашы ыктымал.
Оорунун алгачкы белгилери пайда болоор замат (көрүүнүн начарлашы жана жутуунун кыйындашы) жакын жердеги медициналык мекемелерге кайрылуу же “тез жардам” чакыруу керек.

Ботулизмдин алдын алуу

Мамлекеттик стандартизациялык мекемелер тарабынан тастыкталган нормаларга ылайык заводдук шарттарда өндүрүлгөн, консерваланган тамак-аштарды гана колдонуңуздар.
Үй шартында консерваланган тамак-аштарды жээрдин алдында 20-25 мүнөт кайнатуу зарыл.

Консерваланган азыктарды көчөдөн же базарлардан жеке адамдардан сатып албаңыздар!

Leave a Reply

Your email address will not be published.