Балдарга кам көрүү

Үй-бүлө куруу – бул өтө олуттуу жана жоопкерчиликтүү кадам

566

Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул ийгиликтүү, дени сак жана бекем мамилелердин, каалаган жана дени сак балдардын төрөлүшүнүн негизги аспектилеринин бири.

Үй-бүлөнүн бакубаттуулугу көбүнчө үйлөнгөн жаштардын ден соолугунан көз каранды. Ден соолук бир күндө эмес, бала кезден баштап пайда болоорун эстен чыгарбоо керек.

Сергек жашоо образы адамдын руханий маданиятын өнүктүрүүгө, үй-бүлөлүк мамилелерди чыңдоого, айланасындагы адамдар менен достук жана жогорку адептүү мамилелерди сактоого көмөктөшөт, ошондой эле адамга үй-бүлөдө кээде келип чыккан психоэмоционалдык кыйынчылыктарды жана стресстик кырдаалдарды жеңилирээк жеңүүгө мүмкүндүк берет.

Үй-бүлөнү пландаштыруунун маанилүү фактору болуп жубайлардын  психологиялык абалы саналат. Болочок ата-эне бала тарбиялоо жубайлардын тең оор жумушу экенин унутпашы керек.

Жубайлардын мамилесиндеги психологиялык дискомфорт жана жубайлардын үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча баарлашууну каалабашы өз ара түшүнүшүүнүн, ишенимдин, ачыктыктын жоктугуна, ошондой эле олуттуу пикир келишпестиктерге алып келет.

Үйлөнүп жаткан эркек менен аял өнөктөш жана жардамчы табууну каалашат. Жаш жубайлар баланын төрөлүү убактысын тандоодо жеке турак-жайдын жоктугу, маянанын аздыгы, социалдык абалына канааттанбагандыгы, карьералык тепкичке чыгууну каалоо, жаш курак сыяктуу факторлор негизги болуп саналат.

Үй-бүлөнү пландаштыруу көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берет: үй-бүлөлүк баалуулуктарды өнүктүрүү жана бекемдөө; ата-эненин кадыр-баркын жогорулатуу; тарбиялоону жана жогорку репродуктивдүү мамилелерди калыптандырууну камсыз кылуу; кризистик кырдаалдарда аялдар жана үй-бүлөлөр менен психологиялык иш алып баруу; калкты үй-бүлөнү пландаштыруу кызматынын бардык аспектилери жөнүндө жеткиликтүү жана толук маалымат менен камсыз кылуу; каалаган кош бойлуулукка даярдоо ж.б.у.с.

Ошентип, жубайлардын ортосунда жылуу мамиле гана түзүлбөстөн, үй-бүлөдө жакшы жана жайлуу шарттарда балдар да төрөлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.