Бүгүн, 9-октябрда Бишкекте Саламаттык сактоо форуму өтүп, анда «Дени сак адам – өнүккөн өлкө (2019–2030-жж.)» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун жыйынтыктары жана тармактын келечеги талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов форумду саламаттык сактоо системасын модернизациялоо боюнча маанилүү диалог аянтчасы катары белгилеп, министрликке ыраазычылык билдирди. Ал жакынкы беш жылда тармакка мамлекеттик каржылоону үч эсеге көбөйтүү пландалып жатканын айтты — 2025-жылы 44 млрд сомдон 2030-жылга карата 130 млрд сомго чейин.

Форумдун жүрүшүндө Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун иш-аракеттери тууралуу да маалымат берилди. «Ден соолукту чыңдоо, коргоо жана оорулардын алдын алуу: Кыргызстандагы кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр» темасында калктын саламаттыгын жакшыртуунун негизги факторлору белгиленип, жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүдө баштапкы медициналык-санитардык жардам менен коомдук саламаттыкты сактоо кызматтарынын өнөктөштүгүн бекемдөөнүн, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун активдүү катышуусунун мааниси баса белгиленди.
Ошондой эле «Дени сак шаар» долбоорунун алкагында Каракол шаарында жол-транспорттук кырсыктардын алдын алуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөнү айтылды.
Форумдун жыйынтыгында калктын ден соолугун жакшыртуу жана саламаттык сактоо системасын чыңдоо боюнча бир катар чараларды камтыган жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алынды. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
• коомдук саламаттык боюнча профилактикалык программаларды кеңейтүү;
• саламаттык сактоодо санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти өнүктүрүү;
• медициналык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
• саламаттык сактоо тармагында каржылык ачыктыкты камсыз кылуу;
• тармакка инвестицияларды көбөйтүү.
Categories: Алдын алуу
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
359