COVID 19

COVID-19: СИЗ ЭМДӨӨГӨ КЕЛЕ АЛБАСАҢЫЗ ЭМДӨӨ СИЗГЕ БАРАТ!

193

КР Саламаттык сактоо министрлиги калк менен тыгыз иш алып барган жеке жана мамлекеттик мекеме, уюмдардын эмгек жамааттарын коронавирус инфекциясына каршы жеринен эмдөөгө даяр.

Кыргызстанда калкты COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы быйыл 29-мартта башталды. Бирок ар тармакта иш алып барган айрым жеке жана мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери толугу менен эмдөөдөн өтө элек. Бул маселени чечүү максатында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн  демилгеси менен түрдүү багытта иш алып барган жеке жана мамлекеттик мекемелер эмдөөдөн жеринен өткөрүлө баштады.

Алсак, министрлик жарыялаган атайын акцияны биринчилерден болуп “Кортекс” жеке клиникасы колдоду. Алардын өтүнүчү менен Министрликтин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмү, Бишкек шаардык иммунопрофилактика борбору жана Бириккен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун эмдөөчү мобилдик топторун ишке тартуу менен 2021 жылдын 22 ноябрында “Кортекс” жеке менчик клиникалык борборунун филиалдарын кыдырып, эмгек жамаатты коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрдү.

Министрлик: калктын ден соолугун караган бардык медицина кызматкерлери COVID-19 га каршы эмдөөдөн өтүшү керек, мындан сырткары коомдук транспорт, тамактануу жайлары, маданият үйлөрү, деги эле эл менен тыгыз иштеген эмгек жамааттары вакцина алууга тийиш экендигин, жүйөлү себептерден улам эмдөө пунктарына келе албаган мекемелердин кызматкерлерин мобилдик топ менен кыдырып, эмдөөдөн өткөрүүгө даяр экендигин эскертет.

Белгилей кетсек Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы “Спутник Лайт”, Pfizer BioNTech, Sinopharm, Astra Zeneca, КазВак вакциналары менен эмдөө жүргүзүлүп жатат.

Ушуга улай, КР Саламаттык сактоо министрлиги бардык мамлекеттик жана жеке менчик ишкана жетекчилерине өз кызматкерлерин жеринен коронавирус инфекциясына каршы эмдетүүгө активдүү катышууга чакырып кетмекчи жана бул иш чара өз кезегинде убактылуу кадрдык таңкыстыктын алдын алуу болуп эсептелерин белгилейт.     

Эмдөө бул – коронавирус инфекциясын алдын алуунун эң эффективдүү жолдорунун бири.

Leave a Reply

Your email address will not be published.