COVID 19

COVID-19га каршы ээмдөө ооруканага жаткыруулардын жана өлүм көрсөткүчүнүн тобокелчиликтерин азайтат

646

Эмдөө – ооруларга бөгөт коюудагы мыкты ыкмалардын бири.

COVID-19га каршы жактырылган вакциналар ооруга чалдыгуулардын жана өлүмдөрдүн оор формаларынын тобокелчилигин азайтат жана көпчүлүк адамдар үчүн коопсуз деп эсептелет.

Вакциналар бүтүн жана инактивацияланган (жансыздандырылган) вирусту, же болбосо вирустун генетикалык материалын өзүнө камтыйт. Ал организм спецификалуу антителолорду иштеп чыгууну үйрөнүүсү үчүн жетиштүү, бирок ооруну чакыруу үчүн аз.  

COVID-19га каршы вакциналар оорунун өнүгүүсүнө түрткү бере албайт!

БДСУ тарабынан өзгөчө кырдаалдар учурунда колдонуу үчүн жактырылган COVID-19га каршы бардык вакциналар рандомизацияланган клиникалык сыноолордон өткөн, анын жүрүшүндө алардын сапаты, коопсуздугу жана эффективдүүлүгү текшерилген.

Вакциналар жактырылгандан кийин алардын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү тынымсыз мониторинг жүргүзүү объектиси болуп саналат.

Ошентип эмдөө COVID-19дун оор өтүүсүнөн жана өлүмдөрдөн коргоо үчүн өзүнүн эффективдүүлүгүн далилдеди. Ал жүрөк-кан тамыр оордошууларынын жогорку тобокелчилик топторундагы ооруканага жаткырууларды жана өлүм көрсөткүчтөрүн кыйла азайтат.

Ушул таптагы COVID-19га каршы вакциналар оор дарттардан жана өлүмдөрдөн 90% жана андан жогорку деңгээлде коргоону көрсөттү.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.