COVID 19

ЭМДӨӨГӨ СИЗ КЕЛЕ АЛБАСАҢЫЗ – ЭМДӨӨ СИЗГЕ БАРАТ 2-бөлүк

252

“Калк менен тыгыз иш алып баргандыктан, коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өтүүнү чечтик”, – деп ордо калаанын “Бишкексууканал” мекемесинин эмгек жамааты баса белгилешти.

Шаардык кызматтын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлиги, анын ичинде Коомдук саламаттык сактоо бөлүмү демилгелеген акцияны колдоп, 24-ноябрда COVID-19га каршы вакцина алышты. Иш-чара вакцинанын коронавируска каршы эффективдүүлүгү, кыйыр таасирлери жөнүндө түшүндүрүү иштери менен башталып, шаар тургундарын ичер суу менен камсыздаган кызматкерлер каалаган вакцинанын түрү менен эмделүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

“Биздин кеңседе 500дөй кызматкер эмгектенет. Эмгек жамааттын 70 пайыздан көбүн эмдөөдөн өткөрүү маселеси кызуу талкууланып келет. Биз калк менен тыгыз иштегендиктен вакцина алуу – жеке жана коомдук коопсуздук үчүн маанилүү”, – дейт суу менен камсыздоо кызматынын башчысы Кадырбек Оторов.

Эмдөө бул – коронавирус инфекциясын алдын алуунун эң эффективдүү жолдорунун бири болгондуктан, калк арасында, анын ичинде эл менен тыгыз байланышта иш алып барган уюмдардын кызматкерлеринин арасында эмдөө кампаниясын жогорулатуу өтө зарыл болуп турат.

Учурда эмдөө пункттарына келген адамдардын саны азайгандыгына же кандайдыр бир себеп менен адамдар келе албагандыгына байланыштуу вакцина менен камтууну көбөйтүү максатында “эгер сиз бизге келе албасаныз, биз сизге барабыз” акциясы уланууда, муну менен катар мобилдик бригадалар даректүү кыдырууларга чыгып, эмдөө иштерин жүргүзө бермекчи. Кезектеги эмдөө иштери “Кыргыз темир жолу” ачык акционердик коомунда өтөрү пландаштырылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.