COVIDге каршы эмдөө

ЭМДӨӨГӨ СИЗ КЕЛЕ АЛБАСАҢЫЗ – ЭМДӨӨ СИЗГЕ БАРАТ 3-болук

154

Учурда коронавируска каршы жүрүп жаткан “Сиз келе албасаңыз биз сизге барабыз акциясы уланууда. Бул иш чара бүгүн, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында уланды.

Шаардык кызматтын өкүлдөрү КР Саламаттык сактоо министрлиги, анын ичинде Коомдук саламаттык сактоо бөлүмү демилгелеген акцияны колдоп, 26-ноябрда COVID-19га каршы вакцина алышты. Иш-чара вакцинанын коронавируска каршы эффективдүүлүгү, кыйыр таасирлери жөнүндө түшүндүрүү иштери менен башталып, берилген суроолорго Бишкек шаардык Иммунопрафилактика борборунун башчысы Асыкбекова Бурул жооп берди. Биринчи эмдөө иштери шаар тургундарын ичер суу менен камсыздаган Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында өттү.
“Коронавирус инфекциясына каршы өтүп жаткан акцияны биз дагы түшүнүү менен кабыл алдык. Учурдан пайдаланып Саламаттык сактоо министрлигине жана медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, бизде жалпы 1523 кызматкер эмгектенет, жеринен эмдөө иштери биздин кызматкерлер үчүн ыңгайлуу болду десем болот, себеби көп убакыт кетпейт, бул акцияны биз жалпы колдоп берүүгө даярбыз”-деп билдирди Бишкек суу канал өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Чолпонбаев Болот.

Акция андан кийин Санариптик өнүктүрүү министрлигинде уланып, мекеменин өкүлдөрү “Эмдөө бул – коронавирус инфекциясын алдын алуунун эң эффективдүү жолдорунун бири экенин түшүнүү менен кабыл алып, калк арасында, вирустан коргонуу үчүн жамааттык иммунитетти түзүп, колдоо көрсөтөөрүн баса белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.