8-октябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк көрүү күнүнө карата Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору көз ооруларын алдын алуу боюнча материал даярдады.
Көз оорулары – адамдын көрүү органынын аппаратынын бузулушу менен байланышкан оорулардын кеңири спектрин түзөт. Көз оорулары адамдын көрүү жөндөмдүүлүгүн чектөөчү визуалдык анализатордун органикалык жана функционалдуу бузулушунан келип чыгат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, көз оорулары адам чалдыккан дарттардын 15% түзөт. Дүйнө жүзүндө 1 миллиарддан ашуун адам көрүү органдарынын патологиясы менен жабыркайт. Алардын ичинен 80%га жакынын дарылоо мүмкүн.
Заманбап жашоодо бир нече себептерден улам адамдын көрүүсү начарлайт. Аларга стресс, туура эмес тамактануу, компьютерде жана гаджеттерде көп убакыт өткөрүү, физикалык активдүүлүктүн төмөндөшү жана башка факторлор кирет.
Адамдар жаш курагына карабай көрүүсүн текшертип турууга тийиш. Көздүн саламаттыгын сактоодо көздүн гигиенасын аткаруу маанилүү.
Көз гигиенасына көрүү системасынын нормалдуу иштешин камсыздоо, көрүүнүн курчтугун сактоого багытталган иш-чаралардын комплекси кирет. Аны аткаруу ар бир адам үчүн тазалык гигенасын сактоо, тишти, колду күн сайын жуу сыяктуу адатка айланышы кажет.
Төмөнкү сүрөттө көз органын машыктыруучу кыймылдардын эрежеси чагылдырылган. Аны күн сайын аткаруу шарт жана көп убакытты талап кылбайт. Бул көнүгүүлөр көздүн чарчоосунан арылууга, кан айланууну жөнгө салууга жана көздүн булчуңдарын жакшыртууга жардам берет.
Аны менен бирге көрүүнүн курчтугун сактоо жана көз ооруларынын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн төмөнкү жөнөкөй эрежелерди аткаруу сунушталат:
- Көзүңүздү күн нурларынан коргоочу көз айнек менен коргоңуз
Күндүн ультрафиолет нурлары көз органдарына зыяндуу. Катаракта жана макулярдык дегенерациянын өнүгүшүн тездетет, ошондой эле көздүн чел кабыгына зыян келтирет. Сапаттуу көз айнек ультрафиолет A жана ультрафиолет B нурларын бөгөттөп, көрүүнүн айкындыгын камсыз кылат.
- Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөңүз
Майлуу жана канты көп азыктарды үзгүлтүксүз колдонуу – кандагы канттын деңгээлин өзгөртөт. Натыйжада 2-типтеги диабеттин өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн. Диабеттик ретинопатия, глаукома жана катаракта сыяктуу олуттуу көз оорулары кандагы канттын деңгээлинин көтөрүлүп кетишинен келип чыгат.
- Кан басымын жана холестериндин деңгээлин көзөмөлдөңүз
Гипертониянын жогорку кандагы холестерол менен айкалышы тордомо челди азыктандыруучу кан тамырларга зыян келтирет. Бул анын борбордук артериясынын окклюзиясына алып келип, жабыркаган көздүн көрүүсүн толугу менен начарлатат.
- Антиоксиданттарга бай азыктарды пайдаланыңыз
Антиоксидантка бай тамактарды үзгүлтүксүз колдонуу – макулярдык дегенерациянын ыктымалдыгын олуттуу төмөндөтөт жана катарактанын өнүгүшүн жайлатат. А витамини торчо челди коргойт жана түстөрдү, түнкүсүн көрүүнү жакшыртат. А витамининин диеталык булактарына сабиз, кочкул жашыл жалбырактуу жашылчалар, шпинат, брокколи, жумуртка, май, сүт жана быштак кирет.
Көрүүнү жакшыртуу үчүн жөнөкөй рецепт: күн сайын бир стакан жаңы сыгылган сабиз ширесин ичиңиз, А витаминин жакшыраак сиңирүү үчүн ага бир аз өсүмдүк майын кошсоңуз болот. Эртең мененки тамакка каймак же өсүмдүк майы кошулган сабиз салатын даярдаңыз.
В витаминдери көздүн кызаруусун жана фотосезгичти азайтат. Нан азыктары, дан, сүт, кочкул жашыл түстөгү жашылчалар, буурчак, банан, боорду колдонуңуз. Омега-3 май кислоталары кургак көз синдромун жана көздүн сезгенүү ооруларын өнүктүрүү рискин азайтат.
- Чылымдан жана анын түтүнүнөн оолак болуңуз
Тамеки тартуу катарактанын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн жана макулярдык дегенерация коркунучун жогорулатат. Тамеки тарткан адамдар азыктарды жана витаминдерди аз сиңиришет. Бул көздүн нерв системасына терс таасирин тийгизип, көрүүнүн начарлашына алып келет. Тамеки тартуу да кургак көз синдромуна себеп болгон эң күчтүү дүүлүктүрүүчү факторлордун бири.
- Спирт ичимдиктеринин зыянсыз өлчөмү болбойт
Спирт денени, анын ичинде көздү суусатат. Алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун натыйжасында көз органынын кан айлануу системасы бузулат. Сапатсыз спиртти колдонуу – уулуу амблиопияга, көрүү органынын нерв системасынын оорусуна алып келет, көрүүнү начарлатат.
- Компьютердин монитору, гаджеттер да көзгө зыяндуу
Азыр компьютерлер бардык жерде колдонулат, ошондуктан көпчүлүк адамдар жумуш убактысын монитордун алдында өткөрүшөт. Миопиянын жана башка көз ооруларынын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн монитордун алдында убакытты чектеп, үзгүлтүксүз тыныгууларды жасап туруу керек.
Ошондой эле жумуш ордун туура жабдуу зарыл. Көздөн экранга чейинки аралык 60 см болушу керек.
- Туура абалда китеп окуу зарыл
Жарыктандырылган бөлмөдө китеп же гезит окуу зыянсыз. Түнкүсүн стол чырагы, кошумча жарык берген шаймандардын алдында окуу маанилүү. Жатып китеп окуу (жатып сыналгы көрүү) адистер тарабынан сунушталбайт. Кыймылдагы транспорттун ичинде китеп окуу – көрүүгө терс таасирин тийгизээрин офтальмологдор эскертишет.
- Көз органдарына медициналык кароо жүргүзүү
Жылдык медициналык кароо учурунда офтальмолог же окулистке барууну эсиңиздер чыгарбаңыз. Дарыгер тордомо челдеги алгачкы өзгөрүүлөрдү жана көрүүнүн начарлашын аныктай алат. Өз алдынча дарылануудан баш тартыңыз. Адистин кеңешине ылайык препараттарды колдонуу сунушталат.
Кечиктирбей көзүңүзгө кам көрүп, өзүңүзгө жагымдуу көз ирмемдерди тартуулаңыз! Ден соолукта болуңуз!
Categories: ДЕН СООЛУК