ДЕН СООЛУК

Калкан безинин жабыркашы жана анын алдын алуу

645

Калкан без – бул адамдын жупташкан гормоналдык органы.

Ал организмдин гормоналдык абалына жооп берет. Заттын жана жылуулуктун алмашышын, нерв системасынын иштешин жөнгө салат. Калкан безин бир нече фактор иштен чыгарат.

Калкан безин жабыркатуучу факторлор

• Тукум куучулук
• Стресстик абал
• Уулануу
• Айлана чөйрөнүн бузулушу жана йоддун тартыштыгы.

Калкан безинин жабыркашынын белгилери

•Бат ачуулануу
•Себепсиз ыйлоо
•Көздүн шишиши
•Тердөө
•Дене салмагынын азайышы же шишип семирүү
•ичтин катуусу
•Ооздон жагымсыз жыттын келиши

Гипертиреоз учурунда адам шалдырап, уйкусу келе берет, шишийт, семирет, ичи катып, оозунан жагымсыз жыт сезилет. Калкан бези ооруган учурда бейтаптын мойнунун жогору жагы шишип калат. Эгерде адамда мындай белгилер байкалса өз алдынча дарыланбасатан, дарыгерге кайрылуусу зарыл.

Калкан безинин кызматы

Өзүн-өзү дарылоо өтө кооптуу болуп эсептелет, себеби калкан бези гормоналдык орган болуп эсептелет, ошондой эле адамдын жалпы саламаттыгына жооп берүүчү функцияга ээ, мисалы дене табынын нормада сакталышы, зат алмашуу жана башка маанилүү процесстер калкан бези иштеп чыккан гормондордон көз каранды.

Оорунун алдын алуу

Калкан безинин жабыркашы организмде йоддун жетишсиздигинен пайда болот. Негизинен аялдар эркектерге караганда көп чалдыккандыктан, алдын ала сактанууну колго алуулары керек.

Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн йоддун суткалык нормасы 200-300 мкг, 18 жаштан жогорку аялдар үчүн – 150 мкг. Ал эми эркектер үчүн йоддун суткалык нормасы 180-250 мкг түзөт.

Алдын ала сактануунун маанилүү жолдору болуп: Туура тамактануу – витаминдер, минералдар, белоктор жетиштүү болушу керек, бул азыктар деңиз тузунда, жангакта бай болгондуктан, күнүмдүк тамактануу рационунда кармоо сунушталат.

Андан тышкары терс адаттар болсо алардан арылып, стресстен алыс болуу же аны башкара билүү ошондой эле эмгек жана эс алуу өз орду менен болуп, жеңил спорттун түрлөрү менен алектенүү сунушталат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.