Кургак учук

“Жакындарым менден алыстай баштады”

78

Байыртан келе жаткан оруулардын бири кургак учук дагы деле дүйнө элинде, анын ичинен Кыргызстанда да олуттуу оорулардын бири болуп келүүдө. XX кылымга чейин бул ооруну айыкпас дарт деп эсептешкен. Азыркы учурда толук айыга турган дарт экени аныкталды. Ошентсе да коомчулукта кургак учук менен ооруган адамдарга жакшы мамиле көрсөтүлбөй келгенин байкасак болот. Анын бирден бир себеби – элде кургак учук боюнча толук маалыматтын жоктугу же туура эмес маалыматтардын таралуусу. Мына ушунун кесепетинен ооруп калган адам жакындарынын колдоосу жок айлаган татаал дарылоодон баш тартышы мүмүкүн. Жакындарынан колдоо таба албаган, аты жөнүн жашыруун калтырган каарманыбыз өз окуясын айтып берди.

“Мен бул ооруну билген жокмун, жөтөлүп кичине абалым начарлаганда туугандарым ренгенге алып баралы деп, текшертип көрүштү. Ошентип эле курчак учук таякчалары чыгып калды. Анан ооруканага келип текшерилсем кант диабети оорусу да бар болуп чыкты. Туугандарым өздөрүн бир аз менден тартып баштады, ошол себептен бул жакка жатып дарыланып жатам”.
“Өпкөнүн кургак учугу ачык же жабык формада болушу мүмкүн, – деп түшүндүрөт Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун фтизиатр-дарыгери Бексултан Ражапов.

“Ачык формасы айлана-чөйрөгө жөтөлгөндө жугушу мүмкүн. Эгер ачык формасы менен жабыркап калган адам дарыланып баштаса, болжол менен 2 жумадан кийин оорусу жабык формага өтүп, жугуштуу болбой калат. Жабык формасы айлана-чөйрөгө зыяны жок. Ошондуктан өзүн жаман сезген адам же анын жакындары дартты тезиреек аныктап, дарылап баштоосу керек”.
Бексултан Жумакадыровичтин айтымында, кургак учукту дарылаган атайын ооруканада дарттын ачык формасын дарыгерлер дарылап, бара-бара жабык формасына өткөрүшөт. Андан кийинки дарылоосун бейтап үй шартында уланта берсе болот. Биздин каарманыбыз дагы өз убагында дарыланып эми ооруканадан чыгууга даярданып жатат.
“Азыр келгениме 15 күн болду, өзүмдү аябай жакшы сезип баратам, жөтөл азайып калды. Жалпы 1 жыл 8 ай дары ичүү керек экен, дарт жабык формасына өткөндө дарыланууну аягына чейин үйдө улантам. Бул жактагы дарыгерлер айткандай, орто жолдон таштап койбой дарылануунун аягына сөзсүз чыксам гана ооруну жеңе алат экенмин. Кургак учукту дарылоо бардыгы акысыз, даарыгерлер үч маал тамагы менен убагында дарыларды беришет. Негизи, бул оору иммунитети төмөн адамдарга бат жугат экен, ошол үчүн жакшы тамактануу өтө маанилүү”.
Каарман үйүнө барганда ооруканадагыдай эле камкордук көрөм деген үмүттө. Азыр бул оору эч кандай тукум куубайт жана толук кандуу айыга турганын жакшы билет.

“Тилекке каршы, кургак учукка чалдыккан адамдарды кодулоо, басмырлоонун кесепетинен алар оорусун жашырганга аргасыз болуп, эч кимге айтпай дарыланбай жүрө беришет. Анан оору өтүшүп кетип реанимацияга түшкөн абалга чейин жетишет. Мына ушундай учурларды алдын алуу үчүн биз дарыгерлер түшүндүрмө иштерин ар дайым жүргүзүп келебиз”- дейт, Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун фтизиатр-дарыгери Бексултан Ражапов.

Categories: Кургак учук

Leave a Reply

Your email address will not be published.