ЖАҢЫЛЫКТАР

“Кургак учуктан эркин дүйнө”

352

Бүгүн, 15-март күнү “Европа” мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз Республикасында кургак учукту алдын алуу, аны аныктоо жана дарылоодогу актуалдуу көйгөйлөр боюнча маалымат берүү баарлашуусу (пресс-кафе) болуп өттү.

Баарлашууга Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун, Улуттук кургак учукка каршы туруу программасынын, Мамлекеттик оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө департаментинин, “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун эксперттери жана кургак учуктан айыгып, ооруну жеңген өкүлдөр катышышты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү:
-Кыргыз Республикасынын кургак учук менен күрөшүү боюнча мамлекеттин саясаты;
-Кургак учук окуяларын жүргүзүү учурунда бейтапка ылайыкталган жол менен иш алып баруу;
-Медициналык кызматтарды көрсөтүү максатында саламаттык сактоо системасын күчтөндүрүү;
-Кодулоо жана басмырлоо менен күрөшүүдөгү аткарылып жаткан негизги иш-чара- кургак учук көйгөйлөрүнө коомдун мамилесин өзгөртүү;
-Кургак учукту көзөмөлдөөдөгү эл аралык долбоорлордун ролу;
-Кургак учук менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүү,-  багытындагы темаларда  маалымат алышты.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.