Кызамык оорусу күчөгөн шартта, эмдөө аталган кооптуу вирустан коргонуунун натыйжалуу ыкмасы экенин эстен чыгарбоо керек.
Өзүңүздүн жана балдарыңыздын ден соолугуна кам көрүү үчүн кандай чараларды аткаруу маанилүү экенин талдап көрөлү.
Кызамыкты дарылоо:
Кызамыктын вирусуна каршы дарылоонун атайын ыкмалары жок.
Мындан улам оорунун алдын алуу маанилүү!
Оорудан сактануу — бул эмдөө.
Эгер сиз кызамыктын алгачкы белгилерин байкасаңыз, тезирээк үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылууңуз маанилүү.
Үйүңүзгө дарыгерди чакырыңыз, эл көп топтолгон жайларга барбаңыз.
КПК вакцинасы кандай иштейт:
КПК вакцинасынын бир дозасы кызамыктан 95%га коргой алат. Ал эми эпидемиялык паротитке каршы 78%га, кызылчага каршы 99%га сактайт.
Вакцинанын экинчи дозасы кызамыкка каршы коргонуу 99%га, эпидемиялык паротитке каршы 88%га камсыздай алат.
Бирок, оорудан сактануу жеке эмдөө менен гана чектелбейт.
Жамааттык иммунитет маанилүү ролду ойнойт.
Эгер балаңыздын айланасында ооруга каршы эмделбеген адамдар көбөйсө, анын КПК вакцинасын алганына карабай ооруну жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт. Ошол эле учурда эмделген балдарда оорунун белгилери байкалбай өтөөрү анык.
Эмдөөдөн кийинки жагымсыз көрүнүштөр:
Кадыресе медициналык чаралар сыяктуу эле, эмдөөнүн айрым терс таасирлери болушу мүмкүн, бирок алар, адатта, жеңил жана убактылуу болот:
– ийне сайылган жердин оорушу жана кызарышы;
– дене табынын көтөрүлүшү;
– денеге кызыл бүртүкчөлөрдүн чыгышы.
Бул көрүнүштөр сейрек кездешип, өзгөчө кооптонууну талап кылбайт. Алар балаңыздын иммундук системасын ойготуп, вирус менен күрөшүүгө даярдап жатканын билдирет.
Кызамыктын кооптуу татаалдашуулары:
Кызамык өтө кооптуу жугуштуу оору! Ал ден соолукка олуттуу кесепетин тийгизээрин унутпаңыз! Оору төмөнкү татаалдашууларга алып келет:
– сокурдукка;
– энцефалитке (мээнин сезгениши);
– диареяга жана денедеги суюктуктун азайышына;
– дүлөйлүккө алып келген кулактын сезгенишине;
– пневмонияга;
– айларга, жылдарга созулган иммунитеттин начарлашына;
– кош бойлуулук учурунда мөөнөтүнөн мурда төрөткө алып келиши ыктымал.
Качан жана кандай шартта эмдөөдөн өтүү зарыл:
Кызамыкка каршы вакцинанын биринчи дозасы балдарга, КР Улуттук эмдөө календарына ылайык, 12 айында, экинчиси – 2 жашында жасалат.
Эпидемиологиялык көрсөтмөлөргө ылайык, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) сунуштары боюнча эмдөө 6 айлык балдарга дагы жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жаңы төрөлгөн баланы 6 айга чейин жугуштуу оорулардан эне сүтүндөгү антителолор коргойт. Мындан улам сүт эмизүүнү улантуу маанилүү!
Эгерде балаңыздын кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөнүн эстей албай, күмөн санап жатсаңыз, кечиктирбестен дарыгер менен кеңешиңиз. Бул кадам балаңызды жугуштуу оорулардан коргоого өбөлгө түзөт.
Жоопкерчиликтүү болуңуз!
Эмдөө – бул бир гана балдарыңыздын ден соолугуна болгон камкордук эмес, коомдук саламаттыкты сактоого кошкон салымыңыз. Кызамыктан сактанууга чечкиндүү кадам жасаңыз. Балдарыңызды эмдөөдөн өткөрүңүз!
Categories: Жугуштуу оорулар, Эмдөө