ЖАҢЫЛЫКТАР

РДЧжМК борборунун адистери мугалимдерге мектеп гигиенасы, санитария жана сергек жашоо образынын негиздерин үйрөтүшөт

341

Калктын саламаттыгы коомдук түзүлүш менен тыгыз байланыштуу. Гигиена – медицинанын айлана чөйрөнүн, эмгек шартынын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөчү жана калктын турмуш-тиричилик шартына ылайык илимий негизделген талаптарды иштеп чыгуучу тармагы болуп эсептелет. Саламаттык сактоого багытталган чаралар калкты толугу менен камтыганда гана натыйжалуу болот. Ошондуктан бул иштин негизинде мектеп мугалимдерин окутуу маанилүү болууда. Мугалимдер аркылуу окуучуларга түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл болууда.

28-ноябрдан 21-декабрга чейин ЮНИСЕФтин колдоосу менен 5-6-класстын класс жетекчи мугалимдери окутулууда.

Тренингде «Мектеп чөйрөсүндөгү гигиена, санитария жана сергек жашоо образынын негизги аспектилери» колдонмосу колдонулат.

Семинарлар КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулууда. Окууну облустук жана райондук ҮМБнын ден соолукту чыңдоо адистери өткөрүшөт.

Семинарда баса белгиленүүчү учурлар төмөнкүлөр:

вирустук инфекциялардын жугуу жолдору, анын ичинде #COVID 19 гигиена эрежелери,

аралыкты сактоо жана коронавирус менен ооруган бейтап менен байланышта өзүн жана башкаларды кантип коргоо керек,

айыз гигиенасы мектепте жана үйдө кандай болуусу керек,

ооз көңдөй гигиенасы,

гаджеттерди коопсуз колдонуунун кесепети,

физикалык активдүүлүк,

туура тамактануу тууралуу үйрөнүшөт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.