Тамеки

Мектеп окуучуларына электрондук тамекинин зыяндуулугу тууралуу маалымат берилди

86

2023-жылдын 17-ноябрында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун тамекиге каршы күрөшүү борбору, №9-ҮМБ жана Кыргызстан кызыл ай коому менен биргеликте Арча-Бешик конушундагы №97 жалпы билим берүү орто мектебинде иш-чара өткөрдү.

Аталган мектептин жогорку класстарына тамеки тартуунун, электрондук тамекилердин  жана вейптердин зыяндуулугу тууралуу лекция окулду. Бул, азыркы учурда көпчүлүктүн көңүл чордонун ээлеп, келе жаткан абдан актуалдуу тема экени талашсыз!  Анткени дал ушул  мектеп окуучуларынын арасында электрондук тамеки тарткан учурлар көбөйдү!  Буга өспүрүмдөрдө өсүп келе жаткан, жетиле элек организмине тийгизген зыяны жөнүндө маалыматтын жетишсиздиги себеп болууда.

Маркетологдор жана электрондук тамеки заттарын өндүрүүчүлөр аларды канчалык “зыянсыз” деп ынандырса дагы, тилекке каршы, андай эмес! электрондук тамеки 30дан ашык коркунучтуу заттарды, канцерогендерди камтыйт. Пропиленгликол, формальдегид, глицерин, чайырлар, жыпар жыттуу заттар ж.б. Бул заттардын бардыгы рак, өпкө жана жүрөк ооруларына алып келет, боор менен бөйрөктүн иштешин бузат. Ал эми бир нече адамдын бир аппаратты колдонуусу гепатит жана кургак учук сыяктуу ооруларга чалдыктырышы мүмкүн. Өспүрүмдөрдүн психикасына жана мээсине борбордук нерв системасын жабыркатып, мээнин иш жөндөмдүүлүгүн бузат. Ошондой эле эс тутум, ой жүгүртүү, көңүл буруу, элестетүүнү дагы начарлатып, майда моторикалардын процесстерин бузат.

Мектеп окуучулары лекциядагы мындай маалыматтарды абдан кызыгуу менен угушуп, электрондук тамеки жана вейптердин канчалык деңгээлде зыяндуу жана коркунучтуу экенин буга чейин билбегендиктерин жана ойлонбогондугун айтып беришип, жолугушуу аларды кызыктырган суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.

Categories: Тамеки

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.