ДЕН СООЛУК

Орозодо кантип туура тамактануу керек?

841

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев орозодо кантип туура тамактануу керектигин Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтып берди.

Аудио форматта угуу

“Орозонун ден соолукка пайдалуу экени окумуштуулар тарабынан тастыкталып келүүдө.
Адам 15-17 саатка чейин ачка жүрсө, организм уулуу заттардан тазаланат. Бирок ачка жүрүп, анан дароо күчтүү, оор тамактанууга болбойт.
Ачка жүрүүнүн пайдасы тууралуу илимий аныктамалар бар. Муну ислам Аалымдары эле эмес, башка окумуштуулар япон же батыш өлкөлөрүнүн илимпоздору деле айтып келишүүдө. Адам 15-17 саатка чейин ачка жүрө турган болсо, организм уу заттардан тазаланат. Демек орозо ден соолукка пайдалуу. Болгону ал учурда ошого шайкеш тамактануу зарыл. Мисалы; ачка жүрүп, анан дароо күчтүү, оор тамактарды жегенде ден соолукка залалын тийгизип коюшу ыктымал. Ооз ачарда сүт азыктары, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди жешибиз керек. Дан азыктары: гречка, күрүч, буурчактар калориялуу болгону менен организмге сиңиши жеңил. Ал эми куурулган, майлуу тамактарды, эт, камырды ооз ачууда жебей эле койгон туура. Эң негизгиси, орозо кармоодон чочуп кооптонуунун кажети жок”, — деди Уезбаев.
Ошондой эле ал муну же аны жегиле деген туура эместигин белгилеп, ар ким өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө, каалоосуна жараша дасторкон даярдай турганын кошумчалады.

Материал Спутник Кыргызстан радиосунун сайтынан алынды.

Leave a Reply

Your email address will not be published.