ЖАҢЫЛЫКТАР

Оштогу «Ынтымак жолу»: студенттер маданий ой-пикирлерди бөлүшүү үчүн биригишет

804

Ош шаарында эки ЖОЖдун студенттери үчүн «Ынтымак жолу» долбоорунун алкагында 18-ноябрда маданий пикир алмашуу жаатында интеллектуалдык-көңүл ачуу викторинасы болуп өттү.

Иш-чаранын уюштуруучулары Миграция боюнча эл аралык өнүктүрүү уюму фондунун (IDF) каржылык колдоосу астында КР ССМга караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы (ДЧА) болду.

Ош мамлекеттик университети жана Батыралы Сыдыков ат. Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин студенттери ушул кызыктуу маданий окуяга катышуу үчүн биргеликте чогулушту, ал таанышуу, тажрыйба алмашуу жана көңүлдүү мелдешүү үчүн аянтча болуп калды. Катышуучулар ар кандай ЖОЖдорду эле эмес, ошондой эле – Кыргызстан, Пакистан, Индия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн атынан чыккан командаларга бөлүнүштү. Алар жеңүүчү наамына ат салышуу үчүн ар кайсы өлкөлөрдүн маданияты, каада-салты жана жетишкендиктери тууралуу өзүнүн билимдерин көрсөтүштү.

Викторина ар түрдүү жана кызыктуу болду, ар кайсы тармактар – искусство, адабият, спорт, кулинария ж.б. боюнча суроолор менен коштолду. Катышуучулар шыктанышып, бүт иш-чаранын ичинде өз билимдерин жана маданият жактан ар түрдүүлүктөрүн көрсөтүү менен мелдешип жатышты.

Оштогу интеллектуалдык-көңүл ачуу викторинасы жаштар достук чөйрөдөн ырахат алып жана ар кайсы өлкөлөрдүн маданияттарын биргеликте изилдеп жана таанышып көрө ала турган шериктештик үчүн стимул болду. Уюштуруучулар катышуучуларга алардын шыктануусу жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде катышуучулар уникалдуу иш-чаранын өткөрүлгөндүгүнө ыраазычылыгын айтышты.

«Бүгүн биз Кыргызстан тууралуу эле эмес, ошондой эле биздин университеттердин башка өлкөлөрдөн келген студенттери жөнүндө дагы көп жаңы нерселерди биле алдык. Мен көптөгөн кызыктуу адамдар менен тааныштым. Бизге дал ушундай иш-чаралар жетишпей жүргөн, алар жаштарга абдан керек деп эсептейм», -деп КӨЭУнун студенти Аяна Мехиналиева өз оюу менен бөлүштү.

«Бул таасирлерге, билимдерге жана эмоцияларга бай күн болду. Мен ушул маданий иш-чарага катышкандыгыма абдан кубанычтамын. Мага бардыгы жакты, кызыктуу программа, суроолор. Алар татаал болду, бирок башкысы, командалар биримдикте ойношту», – деп айтты ОшМУнун студенти Махмуд Абдулла Бухари.

«Ушул долбоордун жардамы менен биздин чет өлкөлүк студенттерибиз кыргыз элинин каада-салт жана маданияты тууралуу көбүрөөк биле алышат. Ал эми жергиликтүү студенттер – Индия жана Пакистандын маданиятынан кабар алышат. Мындай иш-чаралар социалдык тилектештик, сый-урматты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт жана маданий пикир алмашуу жана өз ара түшүнүшүү жаатында пайда алып келет», – деп белгиледи ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин эл аралык байланыштар боюнча деканынын орун басары Жайнагүл Абдирасулова.

«Ынтымак жолу» долбоорунун алкагындагы мындай иш-чаралар кыргыз жана чет өлкөлүк студенттер арасындагы байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүнү улантуу менен мындан ары дагы өткөрүлө берет.

*Маалымат үчүн:

«Ынтымак жолу» долбоору Кыргызстандагы өлкөнүн ЖОЖдорундагы кыргыз жана чет өлкөлүк студенттер арасында маданий пикир алмашуу максатында башталган.

Ал Миграция боюнча эл аралык өнүктүрүү уюму фондунун (IDF) каржылык колдоосу астында КР ССМга караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен биргеликте Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы (ДЧА) тарабынан жүзөгө ашырылмакчы.

Долбоордун иш-чараларынын социалдык тилектештикти жана ксенофобияга каршы күрөшүүнү колдоо боюнча таасирин баалоо үчүн Бишкек жана Ош шаарларындагы жергиликтүү жана эл аралык студенттердин ортосундагы өз ара мамилелердеги өзгөрүүлөрдү өлчөөгө багытталган изилдөө жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.