
Бүгүн ҮМБ №6 базасында «Кургак учукту алдын алуу жана эмдөө» боюнча министрликтин 2025-жылдын 14-октябрыдагы №1081-буйругунун негизинде тегерек стол өткөрүлдү.
Жалпы 40 катышуучу болду.
Иш-чарага Октябрь районунун мектептеринин тарбия иштери боюнча орун басарлары, мектеп жана бала бакча дарыгерлери, медайымдар, ошондой эле МТУ №406, №404, №407, БЦУЗдун башкы адистери, адис Абдырахманова С.А., УОРдун башкы адиси Ташматова А.Т., мектеп дарыгери Жумагулова Б.Т., директордун орун басары Куттукбаева С.А., фтизиатр дарыгер Васильева Т.М., ГСВ №2 дарыгери жана адис Жумабек кызы Г. катышты.
Аталган иш-чарада жалпысынан 40 катышуучу болду.
100 даана маалыматтык материал
Тегерек столдо кургак учукту алдын алуу, эрте аныктоо, калкты эмдөө жана маалымдуулукту жогорулатуу маселелери талкууланып, келген катышуучуларга 100 даана маалыматтык-билим берүүчү материал (ИОМ) таратылды.
№6 ҮМБ калктын ден соолугун чыңдоо жана жугуштуу ооруларды алдын алуу багытында ведомстволор аралык кызматташууну улантууда.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
193 




