ЖАҢЫЛЫКТАР

Пресс анонс: “Бак отургуз – планетага өмүр тартуула”

135

2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган “Бак отургуз – планетага өмүр тартуула” акциясына катышуу үчүн чакыруу

2022-жылдын 6-апрелинде саат 10.00дө Бишкек ш. Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ынтымак» паркында 2022-жылдын Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө арналган бак-дарак отургузуу боюнча акция өтөт. Иш-чаранын негизги максаты жыл сайын дүйнө жүзүндө 13 миллион адамдын өмүрүн алып кетүүчү экологиялык мүнөздөгү себептер тууралуу коомчулуктун маалыматтуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Буга байланыштуу журналист кесиптештерди жана борбор калаанын жарандарын ушул акцияга чакырабыз. Бул күнү саат 10:00дөн 12:00гө чейин бардык каалоочулар бак отургуза алышат. Аталган акцияга ошондой эле КР Саламаттык сактоо министрлигинин; КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин; КР ИИМдин Баңгини мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматынын өкүлдөрү; Бишкек ш., мэриясы, Кыргызстандын Кызыл Ай коому; Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧжМКБ), Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору (БДЧБ), Кыргызстандагы БУУ агенттиктеринин жана чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү/башчылары катышат.

Акция учурунда каалоочулар АИВге экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүшөт, сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медицинадык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алышат, ошондой эле COVID-19га каршы эмдөө жасата алышат.

Бул акциянын уюштуруучулары Кыргызстандагы БДСУнун өлкө кеңсеси, РДЧжМКБ, Бишкек ш.. мэриясы, БДЧБ, Кыргызстандын Кызыл Ай коому, Чек арасыз дарыгерлер болуп саналат.

Толугураак маалымат алуу үчүн байланышууңузду өтүнөбүз: РДЧжМКБ, тел.: 312 300 985, БДЧБ, тел.: 312 312 864

Leave a Reply

Your email address will not be published.