ЖАҢЫЛЫКТАР

Психикалык ден соолук күнү жыл сайын 10-октябрда дүйнө жүзү боюнча белгиленет

702

Психикалык ден соолук күнү жыл сайын 10-октябрда дүйнө жүзү боюнча белгиленет.

Ал 1992-жылы дүйнөгө психикалык оорулардын көйгөйлөрүн, алардын өнүгүү себептерин жана психикалык бузулууларды дарылоону айтып берүү максатында түзүлгөн.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун расмий статистикасы боюнча стационардык көзөмөлдө 54 миң 453 адам каттоодо турат. Алардын 31 325и эркектер, 23 128и аялдар.

Бул цифралар калктын психикалык саламаттыгынын толук картинасын чагылдырбайт, бул цифралар расмий экендигин эске алуу керек.

Тилекке каршы, статистика жылдан жылга өсүп жатат жана буга таасир эткен көптөгөн факторлор бар. Эң кеңири тараган психикалык оорулардын бири – депрессия.

Республикалык психиатрия жана наркология борбору (РПжНБ) “Дени сак акыл – дени сак дене” аттуу бир айлык маалыматтык кампанияны баштады. Акция жалган маалыматка каршы күрөшүү, психикасы бузулган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону жоюуга жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган.

Бүгүн, 10-октябрда Психикалык ден соолуктун республикалык борбору ачык эшиктер күнүн өткөрөт, анда ар бир адам психиатрлардан, ошондой эле психологдордон акысыз жана анонимдүү кеңештерди ала алышат.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.