Балдарга кам көрүү

РДЧжМКБнын адистери электрондук тамеки, вейп, IQOS, кальяндын зыяны боюнча мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

630

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында электрондук чылым чеккендердин саны күн санап өсүүдө. Адистердин айтымында, Кыргызстанда 9 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында электрондук чылым чеккендердин саны өскөн.

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - WhatsApp-Image-2023-05-02-at-16.07.25.jpeg

Мындан улам, электрондук чылым чеккендердин санын азайтуу максатында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери 10го жакын  мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 Өспүрүмдөр арасында электрондук тамеки тартууну токтотуу үчүн 6-7-8-9-класстардын окуучулары арасында баарлашуу болуп, адистер жана окуучулар арасында суроо-жооп болду.

Калиева: чылым чегүү 15-20 жылда ракты пайда кылышы мүмкүн - 01.06.2021,  Sputnik Кыргызстан

— “Коомчулукта кальян, электрондук тамекилер, вейп жана iQOS сыяктуулар кадимки тамекиге караганда зыяндуулугу аз экендиги, электрондук тамеки чылым эмес деген түшүнүк дагы кеңири тараган. Бирок, экөөнүн тең ден-соолукка болгон зыяндуулугу бирдей. Айтаарым, бул маселесини масштабдуу түрдө токтотуу үчүн, мамлекет акциз салыгын көбөйтүп, окуучулар үчүн кол жеткис кылыш керек”-дейт Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси, Анара Калиева

Электронные сигареты ухудшают умственные способности

Өспүрүмдөр электрондук тамеки аркылуу уулу заттарды жутушууда!

 — Электрондук тамекини үзгүлтүксүз колдонуу менен гипертония, кант диабети, онкологиялык оорулар пайда болуп, тамеки тарткан адамдын интеллекти, репродуктивдүү системасы жабыркап, организмде башка терс өзгөрүүлөр болот. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 8 миллиондон ашык адам тамеки колдонуунун кесепеттеринен каза болот. Демек, тамеки өндүрүүчүлөр бизнесин жоготуп албаш үчүн жыл сайын жаңы сатып алуучуларды тартууга аракет кылат.

Чылым чегүү рак клеткаларын козгойт

 — Психикалык күчтү талап кылуучу кырдаалда тамеки чеккендер үзгүлтүксүз чеге баштайт. Натыйжада көп учурда никотинге катуу ууланышы мүмкүн (башы ооруп, оозу кургайт, уйкусу бузулат жана башкалар). Тамекини узак убакыт чегүүдөн никотинге көнүп алат, абалы начарлап, тамеки чекпей калса же аз чексе кыйналат. Никотин жана тамекинин күйүү продуктулары ден соолукка өтө зыян болгондуктан тамеки чегүүдөн баш тартуу зарыл.

Как сделать больше дыма в кальяне — секреты густого пара | Дымный Бро

Кальян аркылуу кургак учук жугат

 — Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, кальян чегүү ден соолукка олуттуу коркунуч келтирет жана тамекиге зыяндуу альтернатива болуп саналат. Дем алган түтүндө өпкө рагына, уйку безинин рагына, жүрөк ооруларына, жыныстык дисфункцияга жана башка ооруларга алып келүүчү 7 миңден ашык уулуу заттар бар.

Leave a Reply

Your email address will not be published.