Алдын алуу

Тамеки түтүнүнүн курамы жана чылым чегүүдөн пайда болгон оорулар

1026

(окуучулар үчүн сунушталат)

Тамеки түтүнүндө 4 миңден ашуун уулуу химиялык бирикмелер камтылган. Тамеки тарткандан 5–10 секундадан кийин бул уулуу заттар адамдын организмине келип түшөт да, тамекиге ууланууну пайда кылат. Бул тууралуу биринчи жолу чылым чеккен адамдын сезим-туюмдары эле айтып турат: башы айлануу, көңүлү айнуу, алсыроо, жүрөгүнүн лакылдашы ж.б. жагымсыз белгилер. Эгерде адам дагы эле чылым чегүүнү уланта берсе, анда организм тамеки уусу менен организмди үзгүлтүксүз уулап турганына көнө баштайт. Бирок алар өпкөдө тамеки чайыры болуп топтоло берет жана адамдын башка органдарына дагы чогула баштайт, ошентип адамдын организмине терс таасирин тийгизүүнү уланта берет.

Чылым чегүүнүн арамзалыгы көп, себеби тамеки чеккен адам эреже катары, алгачкы жылдары өзүнүн ден соолугуна олуттуу таасир тийип жатканын байкабай жүрө берет. Чылым чегүүнүн натыйжасында келип чыккан оорулар тымызын жана билинбестен улана берет, бул болсо өз учурунда адамдын кыраакылыгын мокотот.

Тамеки түтүнүн уулуу компоненттери

Никотин – өсүмдүк ууларынын эң күчтүүлөрүнүн бири. Таза түрүндө бул – түссүз, майлуу, жагымсыз жыты бар суюктук, сууда, спиртте, эфирде оңой эле эрийт, ооздун былжыр чел кабыгы аркылуу оңой сиңирилип, мурундан, бронхтордон ашказанга келип түшөт. Никотиндин адамды өлтүрө турган өлчөмү 1 кг дене салмагына 1 мг болуп эсептелет (1 даана тамеки 1 мг никотинди камтыйт). Мисалы, 40 кг салмактагы өспүрүмгө бир суткада 40 даана тамеки чегүүсү анын өлүмгө учуроосу үчүн жетиштүү болот. Никотинди зыянсыздандыруу аракети боор, өпкө жана бөйрөктөрдө ишке ашырылат. Никотин жана башка уулуу заттар 1 даана чылым тарткандан 10–15 сааттан кийин гана организмден заара аркылуу бөлүнүп чыгат. Эми эсептеп көргүлөчү, күн сайын чылым чеккен адамдын организминен тамеки түтүнүнүн 4 миңден ашуун уулуу затын чыгаруу үчүн канчалаган саат\күн\жыл керектелет. Алар организмде чогулат да, ар кандай жүрөк ооруларын, өпкө, бөйрөк илдеттерин жана онкологиялык ооруларды жана башка патологияларды чакырат.

Жогорку артериялык кан басым, эркектик кубаттын (потенциянын) төмөндөшү, буттардагы оору, эрте картаюу жана көптөгөн башка илдеттердин бардыгы – организмдеги тамырлардын ичкерип кетишинин натыйжасы.

Никотиндин организмге тийгизген негизги кесепети – бул организмдеги тамырларды ичкертип жиберүүсү:
– жүрөктүн кан тамырлары ичкерип кетсе инфарктка алып келет;
– баш мээнин кан тамырлары ичкерип кетсе инсульттун өөрчүшүнө алып келет.

Андан сырткары, никотинди нерв тутумдарын шал кылуучу (нервно паралитикалык) касиеттерге ээ уулардын катарына кошушат. Үзгүлтүксүз чылым чегүүнүн натыйжасында энелик клетканы уруктандырууга жарай турган кыймылдуу эрендиктердин (сперматозоиддердин) саны бир кыйла төмөндөйт.

Уулуу газ, ис – уулуу зат, органдарга жана ткандарга кычкылтектин жеткирилишине тоскоол болот. Нормада гемоглобин кычкылтекти ташып жеткирүү үчүн бөтөнчө унаа болуп эсептелет. Гемоглобин өпкөдөн кычкылтекти кабыл алып, аны органдарга жана ткандарга ташып жеткирет (жүрөк, баш мээге, бөйрөктөргө, боорго, булчуңдарга ж.б.).

Тамеки түтүнүнүн ис газы өпкөдөн канга кирет да, гемоглобинди кармап калат. Кармалган гемоглобин органдарга жана ткандарга кычкылтек жеткирүүсүн токтотот. Натыйжада организм кычкылтек жетишпеген режимде иштей баштайт да, ошондон улам адамдар бат-бат жана көп оорушат, иммунитети төмөндөйт. Бул айрыкча балдарга тиешелүү. Баланын акыл-эси, физикалык жана психикалык өнүгүүсү жапа чегет.

Leave a Reply

Your email address will not be published.