ЖАҢЫЛЫКТАР

Тамекини кургатуу үчүн жыл сайын болжол менен 5 миллион гектар (600 000 000 дарак) токой жок кылынат

202

Жыл сайын 31-майда дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү белгиленет. Быйыл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (БДСУ) бул күндү “Тамеки – айлана-чөйрөгө коркунуч!” деген ураандын астында өткөрүүнү аныктады. Анткени тамеки адамдын ден соолугуна гана эмес, биз жашап жаткан айлана-чөйрөгө да чоң коркунуч туудурат.

БДСУнун 2022-жылдын 31-майына карата глобалдык өнөктүгү – тамекинин бүтүндөй циклинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, аны өстүрүү, өндүрүү жана жайылтуудан уулуу калдыктарды пайда кылууга чейин коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган, атап айтканда:

1) Тамеки түтүнүндө жети миңден ашык уулуу заттар, анын ичинде канцерогендер, ошондой эле парник газдары бар.

2) Өндүрүштөн чыккан химиялык заттар атмосферага чыгып, абаны булгайт. Тамеки өндүрүшү жыл сайын дээрлик 84 миллион тонна парник газын бөлүп чыгарат, бул химиялык заттардын миңдеген тоннасы атмосферага, топуракка жана сууга айланат: тамекинин бүчөгү – таштандынын эң көп таралган түрү.

3) Жыл сайын дүйнөдө 6 триллионго жакын тамеки өндүрүлөт, ал эми айлана-чөйрөгө 680 миллион тоннага чейин тамекинин калдыктары калат. Тамекинин бүчөктөрү биздин жолдордо эң көп тараган уулуу калдыктар. Шаарларда жана шаар четиндеги райондордо “тамеки бүчөктөрү” таштандынын 30-40 пайызын түзөт жана алар толук чирибейт. Тамекинин калдыктарындагы уулуу химиялык заттар биздин суу экосистемаларына жана тузсуз суу микроорганизмдерине коркунуч келтирет. Тамеки бүчөктөрүнүн таза сууда чириши 12 айга чейин созулушу мүмкүн.

4) Бул тамекинин айлана-чөйрөгө тийгизген зыянынын бир гана мисалы. Тамекинин айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү жолдору көп. Алсак, тамекини кургатуу үчүн жыл сайын болжол менен 5 миллион гектар (600 000 000 дарак) токой жок кылынат. Ар бир 300 тамекиге бир дарак керектелет деп эсептелет.

5) Тамеки чегүү биздин токойлорубузга, үйлөрүбүзгө жана сейил бактарыбызга да түздөн-түз коркунуч келтирет. Ташталган тамеки калдыктарынын (токой өртүнүн 7%га жакыны) айынан ири өрттөр чыккан учурлар кездешет. Мындай окуялар жүздөгөн адамдардын өмүрүн алып, миллиондогон сомдук мүлккө зыян келтирет.

6) Кыргыз Республикасынын[1] Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жыл сайын өрттүн 20%дан 28%га чейинкиси тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыгат, 2013-2017-жылдары 5 жылда өрттүн кесепетинен 345 адам каза болгон, анын ичинен 123 адам (жыл сайын 30%дан 40%га чейин) тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктын натыйжасында.

7) Тамеки өстүрүлгөн жер башка өсүмдүктөрдү отургузууга мүмкүн бобогондой жараксыз абалга келтирип, айыл чарбасы үчүн терс кесепеттерге алып келет.Азыркы экологиянын абалы жана анын калктын саламаттыгына тийгизген таасири Саламаттык сактоо министрлигин өзгөчө тынчсыздандырууда.

2021-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөө кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. Мыйзамдын негизги нормалары күчүнө кирген.


Leave a Reply

Your email address will not be published.